Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

М.Турганбаев: ИИМде кылмыштуу топтор менен байланышкандар бар


Кыргызстанды жарым жыл ичинде ар кыл кылмыштуу топтордон тазалоо планы башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйыны учурунда ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, бийликтин ар кыл бутактарында, анын ичинде Ички иштер министрлигинде да кылмыштуу топтор менен байланышы бар кээ бир адамдар отурат. Жарым жыл аралыгында алардын бардыгын аныктоо, кылмыштуу топторду бийликтеги шериктери менен кошо тазалоо планы бүткөрүлмөкчү.

Бул пландын алкагында 1-январдан бери кылмыштуу топторго тиешеси бар делген 56 адам кармалган. Алардын элүү бешин камакка алуу чечими чыгарылса, бирөө үй камагына чыгарылган. Андан тышкары эки адамга издөө жарыяланды. Министрдин орун басары эмне себептен кылмыштуу топтордун лөктөрү делип айтылып жүргөн Камчы Көлбаев, А.Бокушевдерге издөө салынбай атканы тууралуу суроолорду жоопсуз калтырып, кылмыштуу топтордун башында тургандарга да кезек жетерин гана айтты. (IJz)

XS
SM
MD
LG