Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

ИИМ: “Антирэкет” чарасында 71 кылмыштын бети ачылды


Мектеп окуучуларынын арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн Ички иштер министрлиги Жаштар иши боюнча министрлик менен бирге 14-19-февраль күндөрү “Антирэкет” операциясын өткөрдү. Бул чаранын алкагында өспүрүмдөр аралашкан 71 кылмыш иштин бети ачылды. Жашы жете электер иши боюнча инспекция тартиби начар делген 55 баланы каттоого алды. Балдар иши боюнча комиссиянын кароосуна 90дон ашык материал жөнөтүлдү. ИИМдин маалымдашынча, ошондой эле окуучуларга тарбиялык мааниси бар бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG