Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


26-27 февралда жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү күтүлөт. Айрым жерлерде жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат.

Кыргызстанда 27-февралда айрым жерлерде кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20 , күндүз -6…-11 градус суук,
Талас облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус суук,
Баткенде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус суук,
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 , күндүз 0…-5 градус суук,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градус суук,
Тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17 градус суук,

Бишкекте бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус суук, күндүз 8…10 градус суук болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG