Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Иманкулов: Ноокаттагы кырдаал көзөмөлдө


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Ноокаттагы акыркы кырдаал тууралуу Коопсуздук комитетинин башчысынын орун басары Марат Иманкулов “Азаттыкка” маек курду.

- Азыр абал тынчып калган экен. Ноокатта эмне болду, айтып бере аласызбы?

- Ноокат шаарында 23-февралда кылмыштуу топ тарабынан набыт болгон жигиттин жакын туугандары бүгүн эртең менен тергөөчүлөрдөн тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат алуу үчүн келип, аларга башка адамдар кошулуп кетип, ошол жерден анча-мынча адамдар кызуукандуулукка алдырып, бир имиштин айынан “буйрук берген адам” деп шектелгендин үйүнө барып, анын үйүн өрттөгөнгө аракет кылган.

Тартип коргоо кызматкерлери кырдаалды тез аранын ичинде колго алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин көптөрү өз ыктыярлары менен тарап кеткен. Ал жерде ичкилик ичип алган балдар бар экен, ошолор кошулуп кетип, күчөтүп жибергенге аракет кылган. Кырдаалдан пайдаланып кетүүнү каалагандарды милиция кызматкерлери кармап кетип, ошону менен тартип орноду.

Азыр кырдаал көзөмөлдө. Улут аралык кагылышуу, же жаңжал жок. Анткени кылмышкерлер чек араны да, улутту да билбейт, алар эптеп кылмыш жасаса болду. Ошондуктан биз кылмыш кылган адамдардын артынан ээрчип, өткөн жылдан бери аз да болсо күндөн күнгө кырдаалды оңдоп, стабилдүүлүккө бараткан абалды жоготуп албайлы деген ой менен көзөмөлгө алып, ошондой улут аралык чагымчылардын иши болсо аны жасатпайбыз. Эл да аны түшүнүп калды, эл ага барбайт.

- 20 чакты киши кармалды деген маалымат тарады эле, алар кимдер?

- Министрликтин маалыматы боюнча 20 чакты бала деп атат. Ал жерде бейбаштык кылган балдар бар экен. Алар азыр такталып атат. Соода иштери, же шаарга жумуштары менен келип калган балдар бар экен. Эмне себептен, кандай тиешси бар, эмне үчүн ошол жерге келип калганы такталып атат. Бирок дагы бир жолу кайталайм: кырдаал көзөмөлдө, абал тынч.

- Бирок биз кабарчыбыз менен байланышканбыз, ал жеринен айтып берди, кээ бирлер шаардан кетүүгө шашылган экен, дүкөн, ресторандар жабылды дейт.

- Ушундай коркунуч болушу мүмкүн. Өткөн жылкы окуядан кийин эл корко тургандай абалда калбады беле. Бирок биздин тартип коргоо органдары анын жаман жакка ооп кетишине жол бербейт, жетиштүү күчтөр бар. Азыр кырдаалды толук көзөмөлдөп турушат. Биз элге кайрылабыз, коркуп-үкпөсүн. Маалыматтарды биз биринчилерден берип атабыз. Тартип коргоо органдары, жергиликтүү бийлик түз маалымат берүүдө. Эгерде кандайдыр бир күчтөр кырдаалдан пайдаланып, абалды башка жакка буруп, же улут аралык чатакка айландырабыз десе биз андайга жол бербейбиз.

- Тактай кетсеңиз, өрттөлгөн үй кимдики эле?

- Өрттөлгөн үй кылмыш кылган адамдарга буйрук берген адамдын үйү деп шектелип, ошол жакка барып өрттөп атышпайбы.

- Буйрук берген деген киши Орусиянын, же Өзбекстандын жараны деген маалымат канчалык так?

- Тергөө иштерин Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, тергөөнүн жашыруун сырлары болот, анын баарын айтып отурганга болбойт экен. Иликтөө жүргүзгөнгө өзүнүн терс таасирин берет. Башка өлкөдө качып жүрөт деген маалыматтар бар экен. Бирок ал канчалык анык экенин азыр ички иштер кызматкерлери тактап жатышат.

- Бирок бул маалымат кантип сыртка чыгып кетти, маркум Алимбаевдин чогулганы ушул болду да?

- Бүгүн биз ички иштер министри менен маалымат жыйынын өткөрдүк. Ал жерде ушул суроо берилди. Ноокат кичинекей шаарча, эл бири-бирин тааныйт. Маалымат кандайча чыгып кеткени боюнча бүгүн ички иштер министри да айтты, борбордук аппаратынан кызматкерлерин жөнөткөн экен, алар да бул боюнча иликтөө жүргүзүшөт.

Бир нерсени айтып койгум келет: өлтүргөнгө катышкан үч адамды тез аранын ичинде иликтеп, таап чыкканы бул жакшы көрүнүш. Бир жаранды өлтүрүп кетти, анын ата-энеси, бир туугандары кайгырып турган кез, алардын кайгысын бөлүшөбүз, түшүнөбүз, бирок канчалык кайгырган күндө да мыйзамдуу түрдө тартип коргоо органдары карап чыгыш керек да, “өзүбүз билебиз, өзүбүз жасайбыз, табабыз” деген туура эмес. Тартип коргоо органдары иштеп атат, эми чыдаш керек. Эгер тергөө ишинин аягында туура эмес болуп атса сурасын. Бирок булар абдан ыкчам иштерди жүргүзүп, аракет кылып аткан кези.

- Жалпы Ош аймагындагы, Кыргызстандагы абал, азыр 7-апрель жакындап калды, ыңкылаптын бир жылдыгына карата ар кандай терс иштерди алдын алуу үчүн кандайдыр бир чаралар эмитеден көрүлүп жатабы?

- Биз согуш кырдаалында жашап жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте абал тынч. Апрель окуясына карата президенттин даярдыктарды көрүү боюнча Указы чыккан, мамлекет тарабынан атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Былтыркыдай окуя кайталанбайт. Анткени ал эч кимге кереги жок, элге да, бийликке да кереги жок. Биз мамлекетибизди бекемдөөнүн ордуна олку-солкуга алып бармак белек? Биз кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз, абалды карап турабыз. Биздин тартип коргоо органдары өз милдеттерин аткарууда. Өткөн жылкы каргашалуу окуялар болуп кетпеши үчүн өз милдетибизди аткарып, эки жагын карап турабыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG