Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Эртең Ак калпак күнү белгиленет


Мындан бир канча күн мурда режиссер Рысбек Жабиров, куудул Борончу Кудайбергенов баштаган маданият өкүлдорү 5-мартты Ак калпак күнү катары майрамдоо сунушун көтөрүп, аны бир катар маалымат каражаттары, коомчулуктун өкүлдөрү колдоп кетишкен. Бир канча күндөн бери сыналгыда жана үналгыда, басма сөздө бул күндү майрамдоо керектиги тууралуу жарнамалар кетүүдө.

Демилгечилердин бири Борончу Кудайбергенов “Азаттыкка” билдиргендей, бул эч кандай саясий өң-түсү жок, позитивдүү акция. “Жылына жок дегенде бир жолу калпакты жапырт кийүү менен элдин мекенди сүйүү сезимин арттырууну кааладык”,-дейт ал. (IJz)

XS
SM
MD
LG