Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Ош шаарына келе турган газдын көлөмү азайды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-марттан тарта Ошко Өзбекстандан келе турган газдын көлөмү кеминде эле элүү пайызга азайган. Бул маалыматты Бишкектеги "Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасы тастыктап, газдын көлөмүнүн азайышын сууктан улам газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөшү менен түшүндүрүштү. Ушул тапта газдын көлөмүн калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG