2007-жылдан бери Иранда Эксперттер ассамблеясын жетектеген Акбар Хашеми Рафсанжани Тегерандагы муфтияттын өкүлдөрүнүн жыйынынан кийин ээлеген кызматынан алынды. Бул мекеменин жетекчиси болуп 80 жаштагы айятолла Мохаммад Реза Махдави Кани дайындалды. «Эгерде Аятолла Кани бул жоопкерчиликти алууга даяр болсо мен өзүмдү кайрадан көрсөтпөйм жана бул ыйык мекеменин беделин түшүрбөйм»- деди Рафсанжани.
Экс-президент Рафсанжани 2009-жылкы Ирандагы президенттик шайлоодон кийинки сын-пикири жана оппозицияга жакындыгы үчүн бийликтерге жакпай калганы байкалган.
Экс-президент Рафсанжани 2009-жылкы Ирандагы президенттик шайлоодон кийинки сын-пикири жана оппозицияга жакындыгы үчүн бийликтерге жакпай калганы байкалган.