Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Каирдеги кагылыштан бир адам каза тапты


Жергиликтүү мусулмандар менен коптордун кагылышынан бир адам каза тапкандан тышкары, жыйырма киши жаракат алган. Египеттик
христиандар-коптор кечээ Каирдин борборуна жекшембиде шаардын чет жакасындагы чиркөөнүн өрттөлүшүнө нааразылык билдирип чыгышкан. Чиркөө христиан аял менен мусулман эркектин мамилесинен улам өрттөлгөн. Нааразылык акциясы учурунда коптор Каирдеги чоң жолдордун бирин торошкон эле. Жол тоскондор менен андан өткүсү келгендер ортосундагы кагылышуу мына ушул жерде болгон. Египет калктын 10 пайызы түзгөн коптор мусулмандар тарабынан дискриминацияланарын утур-утур айтып келишет. Быйыл январда Александрия шаарында мусулман жанкечти копт чиркөөсүндө жасаган жардыруудан 23 адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG