Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Өкмөт коррупцияга бөгөт болчу орган түзүүнү пландоодо


Вице-премьер-министр Шамил Атаханов Грузия жана АКШга жасаган иш сапары тууралуу журналисттерге маалымат берип, Кыргызстанда укук коргоо багытындагы мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кысым жолу менен көрсөтмөлөрдү алуу маселесин чечүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши абзел. Ага ылайык, кармалган адамдардын тергөө учурундагы көрсөтмөлөрү эмес, соттук жараяндардагы көрсөтмөлөрүнө маани берилүүгө тийиш. Мындан сырткары Атаханов Грузиянын мисалында Кыргызстанда коррупцияга бөгөт боло турган органды түзүү өкмөттүн планында бар экендигин белгиледи.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган делегация март айынын башында Грузияга, АКШга иш сапары менен барып келген. Бул өлкөлөрдө тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG