Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

АКШ вице-президенти Байден Молдовада

Бүгүн Жо Байден Молдовага барды, эми анын бул өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Байден Модовага Орусиядан барды, Москвада АКШ вице-президенти Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министри Владимир Путин менен жолугушту. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Орусиядагы экономикалык жана саясий модернизация тууралуу кеп козголду.

Молдовада Жо Байден Транс-Днестр өрөөнүнүн башын ачуу тууралуу маселени козгойт. Учурда Молдовадагы сепаратисттик бул аймакта 1 миңден ашуун орусиялык аскерлер жайгашкан. Жо Байден Молдованын премьер-министри Владимир Филат, президенттин милдетин аткаруучу Мариан Лупу менен кездешип, Кишиневдун опера аянтында сөз сүйлөйт.
XS
SM
MD
LG