Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Кыргызстандык имамдар Кувейтке окууга жөнөтүлөт


Бул тууралуу Президент аппаратынын алдындагы Диний жана этникалык саясат бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ар кыл аймактарынан тандала турган 15тей имам апрель айынын башында Кувейтке жөнөтүлөт. Имамдар эки апта ичинде билим сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аракет Кувейт мамлекетинин көмөгү менен ишке ашууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG