Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Эсеп палатасы 4 млн. сомдон ашык мыйзам бузууну аныктады


Бишкекте 14-мартта Эсептөө палатасынын кеңейтилген жыйыны өтүп, анда былтыр 4519,2 млн. сомдук мыйзам бузууну аныкталганы айтылды. Палата төрагасы Сабырбек Молдокулов былтыр 1700дөн ашун аудит өткөрүлгөнүн, натыйжада каржы жаатында мыйзам бузуулар аныкталып, бюджеттик жоготуулар жана максатсыз пайдаланган каражаттардын 950 миллион сомдойу калыбына келтирилгенин, бул мурдагыга салыштырмалуу 4 эсеге көп экенин билдирди. Жыйынга президент Роза Отунбаева катышып Эсептөө палатасынын ишин жакшыртуу жагдайларына токтолду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG