Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Президент, парламент төрагасы Пакистан премьери менен жолугушту


Бүгүн президент Роза Отунбаева Башкекте иш сапары менен жүргөн Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Раза Гилани менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык, маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

Пакистандын өкмөт башчысы ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушту. Тараптар террор жана экстремизмге каршы күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу, парламенттер аралык байланышты бекемдөө сыяктуу маселелер туурасында сүйлөштү.

Пакистан менен Кыргызстандын өкмөт башчылары кечээ жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык жаатындагы документтерге кол коюшкан болчу. Пакистандын премьер-министри Сайед Юсуф Раза Гиланинин Кыргызстандагы иш сапары бүгүн аяктайт. (IJz)

XS
SM
MD
LG