Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жума күнкү катуу зилзаладан, анын артынан топон суу каптагандан кийин 8600 адам жоголуп кеткен. Алардан дале дайын жок. Ал арада азыр негизги көңүл “Фукусима Дайичи” атомдук электростанциясындагы абалга бурулууда. Бүгүн таң эртелеп аскердик тик учактар ысып кеткен реакторлорго муздак суу чачышты. АКШнын президенти Барак Обама жапон өкмөтүнүн башчысы Наото Канга телефон чалып, жаратылыш кырсыктарынан жапа тарткан Жапонияны кайра куруу иштеринде Кошмо Штаттары колдон келген жардамын аябай турганын айтты.