Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

БУУда Ливия боюнча резолюция колго салынат


Муаммар Каддафинин күчтөрү козголоңчуларды танктардын жана учактардын жардамы менен чыгышты көздөй сүрүүдө.
Муаммар Каддафинин күчтөрү козголоңчуларды танктардын жана учактардын жардамы менен чыгышты көздөй сүрүүдө.

Ливиядагы кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат. Бүгүн ал жерде Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоочу резолюция долбоору колго салынары күтүлүүдө. Ал эми өлкөнүн өзүндө Муаммар Каддафинин күчтөрү козголоңчуларды чыгыш тарапты көздөй сүрүүдө.

Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоону БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эки мүчөсү: Британия менен Франция сунуш кылып, бул демилгени Араб лигасы уюму да колдогон. Бирок Коопсуздук кеңешинде чечимге вето салуу укугу бар Орусия менен Кытай ага каршы чыкса, АКШда мындай кадамга баруудан этияттанып жаткан болчу. Эми АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Сьюзан Райстын соңку билдирүүлөрүнө караганда, АКШнын туруму өзгөрө баштагандай. Америкалык өкүл БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоодон да ары кетүүсү керектигин айтууда:

- Коопсуздук кеңешинде олуттуу талкуулар жүрүп жаат, биз кесиптештерибизди карапайым тургундарды (Ливиянын) коргоодо пайдалуу болушу мүмкүн деп эсептеген чараларды колдоого ынандырууга аракеттенип жатабыз. Бул чаралар Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбогон аймак деп жарыялоону да камтыйт. Бирок АКШнын көз карашында, биз муну менен эле чектелбей балким башка бир катар чараларды кароого даяр болушубуз керек.

Анткен менен БУУда колго салынары күтүлүп жаткан резолюцияга каршы пикирлер да жок эмес. Маселен Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин айтымында, ал Ливияда эки тараптан тең ок атууну токтотууну талап кылган резолюция долбоорун сунуш кылды, бирок колдоо тапкан жок. Ливиядагы кырдаалга аскерий жол менен кийлигишүүнүн натыйжалуулугунан Кытай да күмөн санап турат. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Дзян Ю бейшембиде Бээжиндеге басма сөз жыйында буларды айтты:

- Биз Коопсуздук кеңешинин аракети Ливияда туруктуулукту мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирип, ливиялыктарга каршы кыянатчылыктарды токтотууга жардам берет деген ойдобуз. Ошол эле учурда Кытай Коопсуздук кеңеши араб жана африкалык өлкөлөрдүн чакырыгын угуп, алардын Ливиядагы кырдаал боюнча тынчыздануусуна көңүл бурушу керек деп эсептейт.

Ливиянын өзүндө Каддафинин күчтөрү эми оппозициянын эң башкы таяныч бекети катары эсептелген - Бенгази шаарын алууга камынып жаткандай. Каддафи Ливандын телекөрсөтүүсүнөн берилген сөзүндө ал Бенгазиде чоң уруш болот деп күтпөсүн, шаар тургундары, “ал-Каиданын” элементтеринен арылууга жардам берет деген ишенимде экендигин белгиледи. Каддафи анын бийлигине каршы көтөрүлгөн козголоңчуларды “ал-Каидадан” колдоо алган террорчулар деп ырастап келүүдө.

Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо Каддафинин күчтөрүнө караштуу учактар козголоңчуларга абадан сокку уруусуна жол бербөөнү көздөйт. Бирок эми мындай чарага кеч болуп калган жокпу деген суроо да чыгууда. Ливиянын БУУдагы өкүлүнүн орун басары, элдик козголоң башталганда эле Каддафинин режиминен кол үзгөнүн жарыялаган Ибрагим Даббаши мындай дейт:

- Резолюция мүмкүн болушунча батыраак кабыл алынышы үчүн ыкчамдык керек. Бирок кандай болгон күндө да биз Коопсуздук кеңешине же эл аралык күчтөргө чындап таянбайбыз, биз өзүбүздүн күчтөргө таянып жатабыз, Анткен менен жарандарыбыз арасындагы жогоотууну азайтуу үчүн эл аралык күчтөрдүн жардамына да муктажбыз.

АКШнын турумун өзгөртүп, Франция жана Британиянын сунушун колдошу Ливияга аскерий сокку уруу ыктымалдуулугун каңкуулоодо. Бирок АКШ кургактан аскерлерди киргизүү идеясына каршы, ал Каддафинин күчтөрүнүн Бенгазини көздөй чабуулун токтотуу үчүн абаддан сокку урууга артыкчылык бериши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG