Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

“Мегакомго” байланыштуу териштирүүлөрдү УКМК жүргүзөт


Башкы прокуратуранын Мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Мегакомдун” ээси “Альфа Телекомго” байланыштуу козголгон кылмыш иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирип, тергөө жүргүзө турган болду. Башкы прокуратура бардык документтерди УКМКга өткөрүп берди. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, мындай чечим жакында президенттин алдында Каржы полициясынын, Башкы прокуратуранын жана коопсуздук кызматкерлеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде кабыл алынды.

Алгач жыл башында “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфателеком” компаниясынын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Аларга Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси боюнча “мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн” жана 211-беренеси боюнча “салык төлөөдөн баш тарткан” деген айып тагылган.

Март айында Башкы прокуратура Каржы полциясынын бул кылмыш ишинде негиз жок деп таап, ишти токтотуп койгон.

15-марта Башкы прокуратура “Альфа Телекомдун” ошол учурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу жана азыркы тышкы башкаруучу Азамат Мурзалиевге карата "компаниянын бир катар кызматкерлерин негизсиз кызматтан кетирди" деген айып коюлуп жатканын билдирген. Ошондой эле “Мегакомдун” коопсуздук департаментинин жетекчиси Тилен-Аалы Кызалаков жана директордун кеңешчиси Эмил Худояровго "өткөн жылдын 7-апрелинен 11-апрелге чейинки убакыт аралыгында 9,4 миллион сомду кымырып алган" деген шек менен иш ачылганын кабарлаган.

Натыйжада “Альфа Телекомго” байланыштуу козголгон бул кылмыш иштеринин жана соңку жагдайлардын чоо-жайын УКМК териштирип чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG