Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

АКШ Ливияга каршы чабуулга жогору баа берди


Ливия -- Каддафинин күчтөрүнө тиешелүү аскер техникалары Бенгазинин жанындагы жолдо коалициялык күчтөрдүн аба соккусунан улам жарылууга дуушар болду, 20-март.
Ливия -- Каддафинин күчтөрүнө тиешелүү аскер техникалары Бенгазинин жанындагы жолдо коалициялык күчтөрдүн аба соккусунан улам жарылууга дуушар болду, 20-март.

Кошмо Штаттары Ливия чабуулуна жогору баа берди, Каддафи Бенгазини көздөй жылышын токтоткон шекилдүү.

Ливиянын чыгыш жээгиндеги Бенгази портунда америкалык жана европалык учактар сокку ургандан кийин, Муаммар Каддафиге ымалалаш күчтөрдүн чабуулунун токтоп калышы бул шаардагы оппозициячыл козголоңчуларды зор кубанычка бөлөдү.

Кечээки бомбалоо биринчи кезекте Бенгазиден 20 чакырым аралыктагы лагерди бутага алды. Бул жерди Муаммар Каддафинин лоялисттери козголоңчулар кармап турган шаарга чабуул жасоо үчүн таяныч катары колдонуп жатышкан шекилдүү.

Бенгазинин тургундары бомбалоо ишембиден жекшембиге караган түнү, таңкы саат төрттөрдө башталганын айтышты. Бомбалоодон кийин турактын аймагында өрттөлгөн танктарды жана өлүктөрдү көрүү мүмкүн болду.

Мурда күнү эле Бенгазидеги оппозиция күчтөрү Каддафинин аскерлери менен шаардын көчөлөрүндө салгылашып жатышкан эле.

Шаардагы төрт оорукананын бири 30дан ашык кишинин өлүгү түшкөндүгүн билдирди.

Жараат алгандан кийин жаткырылган бир куралчан башынан өткөргөндөрдү мындайча сүрөттөдү:

- Күн баткандан тартып, алар бизди мектепте, университетте курчашты. Түн киргенде чабуулга өтүштү. Алар атты, биз атып аттык.

АКШ армиясынын башкы штабынын жетекчиси адмирал Майк Мулен кечээки операция ийгиликтүү болгондугун бышыктады. Америкалык сыналгыдан сүйлөгөн Муллен «Одиссейдин таңы» деп аталган биргелешкен опрациянын аркасы менен Ливиянын аба мейкиндигинде учууга болбой турган тилке камсыздалганын жана Каддафинин Бенгазини алуу аракети таш капканын баяндап, буларды кошумчалады:

- Кечээки кагылыштардын айрымдары Бенгазинин жака-белинде, Каддафинин күчтөрүнө каршы чабуулду да өзүнө камтыды. Мындан аркы максат деле ал күчтөрдүн карапайым адамдарга кол салуусуна жол бербөө болот.

«Одиссейдин таңы» операциясына алты өлкөнүн - АКШнын, Британиянын, Франция, Канада, Италиянын жана Даниянын куралдуу күчтөрү катышууда. Бул -2003-жылдагы Иракты оккупациялоодон кийики Батыштын араб дүйнөсүндөгү эң ири интервенциясы болуп калды.

Операцияга Парижде Батыш жана араб лидерлери жүргүзгөн сүйлшүүдөн кийин башталды.

Сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө Каддафи кечээ Батыш менен «узак жана жеңиштүү согуш» тууралуу кеп кылды:

- Силерде акыйкаттык жок, силер баскынчыларсыңар, силер айбансыңар, силер кылмышкерсиңер. Силердин эл өзүңөргө каршы. Бүт Европада, Америкада Ливиянын айыпсыз элине каршы аракеттериңерге каршы чыгып жатышат. Дүйнө жүзүндөгү бардык элдер силерге каршы. Силер Гитлердей, Напалеон менен Муссолинидей максатыңарга жете албайсыңар. Бардык залимдер элдин алдына чөгөлөйт. Биздин доор адамдардын, улуу Каддафи революциясынын доору.

Каддафи Ливияда мындан 40 жылдан башык мезгил мурда боштондук кыймылынын шарданы менен келген, ал вице-президент же премьер-министр деген кызмат түзбөстөн, мунайга бай өлкөнү өзү башкарып келди.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүүгө катышпаган Кытай менен Орусия экөө тең Батыштын согуштук операциясына тынчсыздануу билдирип, карапайым адамдардын арасында өлүм көп болоорун эскертишти. Британиянын өкмөтү буга жол бербөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтууда. Адмирал Муллен Батыштык соккудан жөнөкөй адамдардын арасында өлүм болгону тууралуу маалымат жок деп ырастады.

Азыркы операцияны Кошмо Штаттар башкарып жатат, бирок Вашингтон алдыдагы күндөрү башкаруу «коалициялык жетекчиликке өткөрүлүп берилет деп айткан.

XS
SM
MD
LG