Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Ливиянын аба мейкини Батыш күчтөрүнүн көзөмөлүндө


Ливия -- Бенгази шаарынын үстүндө атылган Ливиянын бомбалоочу реактивдүү учагы, 19-март.
Ливия -- Бенгази шаарынын үстүндө атылган Ливиянын бомбалоочу реактивдүү учагы, 19-март.

АКШнын жана европалык өлкөлөрдүн согуштук учактары Каддафинин куралдуу күчтөрүнө абадан жана деңизден кол салышты.

Каддафинин бийлиги кечээ башталган америкалык, британ жана француз учактарынын чабуулунда аз дегенде 48 адам каза таап, 150сү жарадар экендигин билдирүүдө.

Учууга тыю салынган тилке боюнча чечимди Бириккен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши кабыл алган.

Ливиянын мамлекеттик сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө полковник Каддафи Ливияны «колониалдык агрессиядан» коргойм» деп сөз берди. Ал ошондой эле элге курал таркатылаарын эскертти:

- Курал кампаларын ачып, элди болгон курал менен камсыздаш керек. Ливиянын көз карандысыздыгын, биримдигин, аброюн коргошсун.

Европалык жана америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, «Одиссейдин таңы» аталган операциянын биринчи баскычы Ливиянын коргонуу системасын ойрон кылуу максатын көздөдү. Бул үчүн француз жана британ учактары Ливиянын абадан коргонуу структураларын бомбалашты.

Ал эми Жер Ортолук деңизинде турган америкалык жана британ кемелеринен жана суу астында сүзүүчү кемелерден Томогавк деп аталган 110 канаттуу ракеталар менен 20 бута аткыланды.

АКШнын президенти Барак Обама Каддафини өз элин кырып жатат деп айыптады:

- Заалим өз элине «ырайым кылбайм» деп жатса, Бенгази, Мисурата сыяктуу шаарларда күнөөсүз адамдар анын аскерлеринен кырылып жатса, биз карап тура албайбыз. Ошондуктан биз «колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың, эл аралык жамааттын өкүмү ишке ашырылат, бул коалициянын алган багыты ушул» деп анык жана так айтышыбыз керек.

Орусия бул согуштук аицияга өкүнүчүн билдирип, бардык тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.

Анын аралыгында, Ливиянын баш калаасы Трипполиде италиялык кеменин командасы, анын ичинде бир украин туткундалганы кабарланды. Кезегинде Ливиянын колонизатору болгон Италия бул өлкөгө каршы согуштук аракеттерде өз аймагындагы жети аба бекетин пайдаланууга берди.

XS
SM
MD
LG