Орус президенти Дмитрий Медведев Ливиядагы жаңжал боюнча премьер- министр Владимир Путиндин бүгүнкү сөздөрүн “кабыл алынгыс” деп атады. Путин бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ливия лидери Муаммар Каддафиге каршы аскерий чара көрүү боюнча резолюциясын “толук эмес” жана “зыяндуу” деп атап, ал орто кылымдардагы "кресттүүлөр" жортуулун эске салып турганын белгилеген эле.
Президент Медведев бүгүн (21-мартта) Путиндин сөздөрүн сынга алды:
- Иш жүзүндө цивилизациялардын кагылышына алып бара турган сөздүн колдонулушуна эч качан жол берүүгө болбойт. “Кресттүүлөр жүрүшү” жана ушул сыяктууларга. Бул кабыл алынгыс. Болбосо баары азыр жүрүп жаткандан да кыйла жаман болуп аякташы мүмкүн. Муну баары эстен чыгарбоосу абзел.
Орус президенти ошону менен бирге эле БУУнун резолюциясын туура эмес деп эсептебей турганын жана Орусия вето салуу укугунан билип туруп эле пайдаланбагандыгын кошумчалады.
Дмитрий Медведевдин айтымында, Орусия Ливиянын аба мейкиндигин жабуу боюнча аскердик иш-аракеттерге катышпайт. Бирок орус президенти анын өлкөсү Ливиядагы жаңжалдашкан тараптарга ортомчу иретинде көмөк кылууга даярдыгын айтып, анткен менен Ливияда азыр ким менен сүйлөшүү керектиги белгисиз болуп турганын да кошумча белгиледи.