Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Аба ырайы: шашылыш кабар


5-8 май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын тоолуу жана этектериндеги аймактарда сел жүрүп, кыян капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлөт.

9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында, Чүйдүн тоо этектеринде, Алай, Базар-Коргон, Аксы жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде абанын температурасы -2 градуска түшүп үшүк жүрөт. Мындай үшүк мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

5-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын багыты батышка өзгөрөт, ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32 градус жылуу.

Бишкекте 5-майда ала булут каптап турат, жаан-чачын дээрлик болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамал багытын батышка өзгөртөт, ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15... 17, күндүз 28... 30 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG