Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Тургуналиев: Баш мыйзам эрмек болбош керек


Бүгүн - Конституция күнү. “Азаттыктын” суроолоруна саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жооп берди.

- Кыргызстан 1993-жылы кабыл алынган Конституция күнүн белгилеп келет. Ушул жылдан бери Баш мыйзам 8 жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Ошого карабай 5-май майрам болуп калышынын өзү туурабы?

- Чыныгы демократиялык мамлекеттерде улуу майрамдардын бири – Баш мыйзам кабыл алынган күн. Биз да бул күндү белгилеп атабыз. Бирок Докем (Дооронбек Садырбаев – авт.) ыраматылык айткандай бүкүрү демократиянын ийри ичин, же ошол 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды сегиз жолу калчап, түп тамырынан өзгөртүп, авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруунун юридикалык негизине айлантышкан. Эң оболу Акаев, калганын Бакиевдер.

Албетте ошол 1993-жылкы Конституция эгерде так аткарылса, уурулук, коррупция, диктатура деген жок болсо 21 жылда Кыргызстанды гүлдөгөн жолго салып койсо болот эле.

Топчубек Тургуналиев
- Демек сиз биринчи Конституция кабыл алынган күндү белгилөөнү туура көрөсүзбү?

- Ооба. Ошол Баш мыйзам негизинен сакталып калып, анча-мынча өзгөртө турган алымча-кошумчасын киргизип, улам өркүндөтүп отурса болот эле.

Отто Бисмарк “мыйзамдар болсо, бирок эң мыкты жетекчилер өлкөнү алдыга жылдырып кетсе болот. Бирок шылуун, шүмшүк жетекчилер болсо өлкө артка кетет” деп айткан экен. Ошонун сыңары кептин бардыгы Баш мыйзамда гана эмес, анын аткарылышында.

Ооба, Баш мыйзам деген абдан жакшы түптөлүш керек, аны миң өлчөп бир кесип, бир чечип, мыйзамдын жол-жоболору сакталыш керек. Эң негизгиси аткара турган мыкты, чыгаан, көрөгөч, мекенчил, иш билги, ыйманы таза, тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алып, сезе билген жетекчилер керек да.

- Демократияга жакын деп кабыл алынган соңку Баш мыйзамды да чийки болуп калды деген сөздөр көп эле айтылып жүрөт. Ал тургай Конституцияны чогуу талкуулап, бирге кабыл алгандардын пикири учурда эки жаат болуп калгандай болду. Чын эле чийки болуп калган деп ойлойсузбу?

Курманбек Бакиев жаңы Конституция тууралуу мыйзамга кол коюуда, 23-октябрь, 2007-жыл
- Бул дүнүйөдө телегейи тегиз, эң бир укмуш Баш мыйзам, жылчыгы жок укмуш нерсе жок. Ар бир нерсе бүгүн жакшы болсо, эртең кемтиги чыгат, ар бир нерсенин анча-мынча жагы эскирет. Ошону өркүндөтүп, жаңыртып турушубуз керек.

Азыр 1993-жылдагы Конституцияга кайталы, президенттик башкарууга баралы деген пикирлер айтылып атат. Эми антип отурсак иш кылбастан эле Баш мыйзамды эрмек кылып, ким бийликке келсе өзгөртүп отура беребизби.

- Соңку кабыл алынган Баш мыйзамга "Конституция 10 жыл өзгөрбөйт" деген берене кошулду. Эми кийинки келген бийлик деле аны саясий куралга айлантып, өзгөртпөйт деген кепилдик жок да.

- Андай кепилдик жок. Бирок уламдан улам өзгөртүп отуруп ашмалтайын чыгарган үчүн ошентип жаздык. Экинчиси, дегеле Баш мыйзам деген өзү улам, жылдан жылга өзгөрө бербеш керек. АКШ эки кылымдан ашуун учурда жети эле беренеден турган атактуу Баш мыйзамды алган. Албетте анда том-томдогон өзгөртүүлөр, кошумчалар бар. Бирок жети берене кебелбей турат.

Баш мыйзамды эрмек кылып, ким бийликке келсе аны саясий оюнга айлантып жиберсек анда Кыргызстан өспөйт.

- Ар бир келген бийлик Конституцияны саясий курал кылды деген пикирлерге кошуласызбы?

Конституция 8 жолу өзгөрүүгө дуушар болгон.
- Кошулам. Акаев менен Кулов парламентти экиге бөлүп мына ошондон башталган. Кийин үй-бүлөлүк башкаруунун юридикалык негизине айландырган 1996-жылда 48 берене түп тамырынан өзгөргөн.

Үчүнчү жолу 63 берене ушундай эле өзгөргөн. Болгондо да бийликти бөлүштүрүү, аткаруу бийлигинин күчү жана көз карандысыздыкты камсыз кыла турган эң негизги беренелерди өзгөртүп отурушту да. Чындыгында тигил же бул адамдардын, үй-бүлөнүн эле колундагы оюнчук болуп келди да.

- Конституцияга улай тууну, гимди өзгөртүү демилгелери айтылууда. Тууну өзгөртүүнүн канчалык зарылчылыгы бар?

- Тууну 1993-жылы кабыл алганда эле бул өтө начар болуп калган. Өзү эң бир алдыңкы өлкөлөрдүн мамлекеттик желегин карасаңар. Биз ошондо эле сунуш кылдык эле, мисалы кыргыздын байыркы ата-бабалар сыйынган Көкө Теңирге таазим кылып, көк асман кылып, ачык асман болсун дегендей, ортосу Ала-Тоо, ак калпак кыргыз, ал эми төмөн жагы данга толгон же жер жашыл болгон, эки-үч түстү кошуп жасаса болот эле. Бул кабыл алганда эле күн карама атка конгон. Ошондуктан өзгөртүү керек деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG