Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Толгоо маалындагы колдоо


Төрөлгөндөн кийинки алгачкы таттуу мүнөттөр.
Төрөлгөндөн кийинки алгачкы таттуу мүнөттөр.

Баланын төрөлүшү кайсы гана үй-бүлө болбосун чон бакыт. Кыргызстанда төрөт учурунда аялдын жолдошун төрөт бөлмөсүнө киргизүү тажрыйбасы кеңири колдонула баштады. Бул эненин кыйналбай көз жарып алышына жакшы таасирин тийгизет дешет дарыгерлер, бирок коомдо бул тажрыйбага карата мамиле бирдей эмес.

Каарманыбыз Бакыт жубайынын төрөтүнө өзү катышкан. Ошондогу сезимдерин айтып жеткирүү мүмкүн эмес дейт ал. Келинчегинин жанында отуруп, төрөө процессин көргөндөн кийин Бакыт баласынын апасын ого бетер сүйүп калган экен.

- Келинчегимдин жанында отуруп, бала ыңаалап чыкканда көзүмдөн жаш чыгып, өзүм эсимди жоготуп койо жаздадым. Ошол процессти көргөндөн кийин балаңды да, келинчегиңди да башкача баалап, жүз эсе көбүрөөк сүйүп калат экенсиң.

Адистер жолдошу катышкан төрөт көп жагынан жеңил өтөөрүн айтышат. Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бирине барып, “мына көз жарам” деген болочок энелерден түгөйүңөрдү катыштыраар белеңер деген суроо салдым.

- Катыштырган эле жакшы болсо керек, жадам болот да. Жолдошум азыр башка шаарда, эгерде жанымда болсо катыштырмакмын.

- Менин оюм боюнча катыштырбай эле койгон туура. Илгертеден эле аялды аял төрөтүп келген. Түшүнчү эркек өзү деле түшүнөт, катышпай эле.

Ислам бул тажрыйбага кандай карайт? Мусулманчылыкта эркек киши аялынын төрөтүнүн үстүнө кире алабы? Журналист, диний ишмер Мыктыбек Арстанбек муну эркектин эркиндеги иш деп баалады.

- Аялдын төрөтүнө катышуу жөнүндө Ислам эмне дейт так айта албайм, өзүнүн аялы төрөп жатса катыша берсе болот окшойт. Бирок бул эркектин эркиндеги иш, аял мүнөз эркек болсо катыша беришсин. Анан кыйналып жаткан байкуш аялдын үстүнө кирип отуруп алганда эмне пайда, андан көрө мечиттен аман-эсен көз жарып алсын деп дуба кылып, куран окуш керек.
Бишкектеги №4 Перинаталдык борбордун көмөктөш төрөт бөлүмүнүн башчысы Бурул Туюкбаева төрөткө күйөөсүн киргизүү чечимин кош бойлуу аял өзү кабыл алышы керек деп эсептейт:

- Бардыгы аялдын өзүнүн каалоосунан болот. Бала оңой менен төрөлбөйт, күйөөсү ошол убакта келинчегине жардам берип, алаксытып, суу ичирип, кучактап турса аябай эле чоң жардам болот.

Европада жана Кошмо Штаттарда төрөттүн мындай тажрыйбасы өнүккөн. Кыргыз турмушунда илгери боз үйдө кайынэне, кайынэженин жардамы менен эле көз жарып алышчу экен. Эми бул тажрыйба Кыргызстанда кеңири жайылууда.

Канткен күндө да ким кандай жол менен төрөбөсүн, аман эсен көз жарып алсын деп тилейбиз.

XS
SM
MD
LG