www.kyrgyz.kg деген аталышта Интернетте биринчи жолу кыргызча социалдык түйүн ачылды. Бул интернет баракча Facebook, “Мой мир” өңдүү социалдык түйүндөрүнүн кыргызча аналогиясы болмокчу.
Долбоор жетекчиси Тынчтыкбек Кожобековдун кабарлашынча, www.kyrgyz.kg долбоору ириде кыргыз жаштар арасында маалымат бөлүшүүнүн жаңы багытын киргизүү максатын көздөйт. Бул интернет баракчада жаштар сүрөт, аудио, видео материалдарын жарыялап, күн деминдеги саясий, социалдык жана жеке жашоосундагы жаңылыктарды талкууга койо алышат. (EK)