Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Тунис: Полиция 4 күндүк нааразылык акцияны таратты


Полиция көздөн жаш агызган газды колдонуп, өкмөткө каршы төрт күндөн бери баш калаада чыккан жаштардын демонстрациясын кууп таратты. Ишембиде өлкө бийлиги Тунисте түнкүсүн коменданттык саат киргизген.

Баш калаада 23 жыл өлкөнү башкарып туруп, январда кулаган Бен Алиден кийин бийликке келген өткөөл өкмөткө каршы митингдер өтүп жаткан. Ал ортодо премьер-министр Бежи-Каид Эс-Себси июл айына белгиленген шайлоону кырдаалга байланыштуу кийинчерээк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көтөрдү.

Тунисте 24-июлда өлкөнүн жаңы Конституциясын бекитчү шайлоо белгиленген.

XS
SM
MD
LG