Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Пакистан: бин Ладен жашырылган эмес


Юсуф Реза Гилани парламентте кайрылуу жасоодо. 9-май, 2011-ж.
Юсуф Реза Гилани парламентте кайрылуу жасоодо. 9-май, 2011-ж.

Пакистан премьери парламенттеги кайрылуусунда бин Ладенди бекитүү үчүн Пакистан менен “ал-Кайида” кызматташкан деген ырастоолорду четке какты.

Мунун алдында АКШ президенти “ал-Кайида” лидерине Пакистандын ичинде колдоо көргөзгөн кандайдыр бир түйүн болгондугун айтып чыккан эле.

Юсуф Реза Гилани АКШнын атайын күчтөрү 1-майда борбор Исламабаддан алыс эмес Абботтабад деген жердеги операция учурунда Усама бин Ладенди жок кылгандан бери калкка жана парламентке алгачкы ирет кайрылды. Анын айтымында, “ал-Кайида” лидеринин Пакистан аймагында өлтүрүлүшү бул өлкөнүн бийликтеринин согушкерлер менен байланышын же жөндөмсүздүгүн каңкуулабайт. Гилани белгилегендей, Пакистан өзүнүн армиясына жана чалгын кызматтарына ишенет:

- Пакистан бийликтеринин жөндөмсүздүгү же бин Ладенди жашырууга катышкандыгы жөнүндөгү ырастоолор абсурд. Биз мындай айыптоолорду четке кагабыз.

Пакистан премьер-министри ага катар өкмөт дүйнөнүн эң көп изделген адамы Абботтабад шаарында бир нече жыл кантип байкатпастан жашаганы боюнча иликтөө жүргүзүүнү буюруганын кошумчалады. Юсуф Реза Гиланинин айтымында, бин Ладендин өлүмү акыйкаттуулуктун орношу болду, бирок ал АКШ “ал-Кайида” лидеринин жашынган жайына жасагандай бир тараптуу рейддер олуттуу кесепеттерге алып барып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Пакистан премьер-министри ошондой эле бин Ладендин бир нече жыл боюу таптырбай жүрүшү үчүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары жоопкер деген мурдагы билдирүүсүн кайталап, Исламабад Вашингтон менен алакасына өтө жогору маани берерине, өлкөсү террорчулуктун тамырын кыркуу мүдөөсүнөн баш тартпай тургандыгына токтолду:

- Биздин эл ыйык жерибизден террорчулуктун тамырын кыркуу боюнча чечиминде бирдиктүү. Пакистан бул улуттук ишти басаңдатпайт жана өз аймагын кимдир бирөө террорчулук үчүн пайдалануусунда жол бербөөдө чечкиндүү.

Жогорудагыдай сөздөр оппозиция Пакистан бийликтерин отставкага кетүүгө үндөп жаткан учурда айтылды. Оппозициянын көз карашында, бин Ладен өлтүрүлгөн операцияда Пакистандын суверенитетине шек келди.

Пакистан премьер-министринин кайрылуусуна чейин АКШ президенти Барак Обама жекшемби күнкү телеинтервьюсунда “ал-Кайида” лидери Пакистанда колдоонун кандайдыр бир түйүнүнө ээ болгон сыяктуудай экендигин, бирок бул түйүнгө өкмөттүн мүчөлөрү да кирген-кирбегени АКШ үчүн белгисиздигин айткан эле.

Обама Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде расмий өкүлдөр “ал-Кайида” лидеринин дайын-дарегинен кабардар болгон-болбогонун Пакистан өкмөтү аныкташ керектигин белгиледи:

- Биз Пакистандын ичинде бин Ладенди колдогон түйүн болгон өңдөнөт деп ойлойбуз. Бирок биз колдоо түйүнү эмнелерден же кимдерден турганын билбейбиз. Ал жерде өкмөттүн ичинен же тышынан кандай адамдар болгондугунан кабарыбыз жок. Бул биздин иликтөөбүздү талап кылган нерсе. Мындан маанилүүсү бул нерсени Пакистан өкмөт иликтөөсү абзел.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон Исламамбад “ал-Кайида” лидери өлкө борборунан көп алыс эмес жерде, аскерий академиянын жанынан кантип жашынып жүргөнүн аныктоосу керек деп эсептейт. Донилон Эн-Би-Си телеканалындагы маегинде айткандай, Пакистан АКШга “ал-Кайида” лидеринин үч жесирин суракка алуусуна мүмкүндүк берүүсү зарыл:

- Абботтабадда бин Ладенди колдогон кандайдыр бир түйүн болгон. Биз өкмөт ( Пакистандын) муну күн мурунтан билгендигинин далилин таба элекпиз, бирок алар муну иликтөөсү керек. Кандай болгон күндө да, алар бизди бул боюнча чалгын маалыматтары, анын ичинде бин Ладен бекинген жайдан чогултулган маалыматтар менен камсыздап, анын азыр камакта отурган үч аялы менен сүйлөшүүбүзгө мүмкүндүк берүүсү абзел.

Усама бин Ладендин аялдары өткөн аптада АКШ күчтөрүнүн аны мерт кылган рейдинен кийин камакка алынышкан.

Ушул ишемби күнү Пентагон бин Ладендин Абботтабаддагы үйдөн тартылган делген виделорун жарыялады, бирок андан “ал-Кайида” лидеринин үндөрү алынып салынган.

АКШнын чалгын тармагын тейлеген расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Абботтобаддагы үч кабаттуу үй бин Ладенге “ал-Кайида” түйүнүн башкаруунун борбору катары кызмат кылган жана ал Кошмо Штаттарга каршы жаңы кол салууларды даярдоонун үстүндө иштеп жаткан.

Бирок Пакистан бийликтери бин Ладен жашынган жеринен өз түйүнүн башкарууга жигердүү аралашканынын күмөн санашып, ал үйдө интернет, атүгүл телефон байланышы да болбогонун жүйөө тартышууда.

Бул аралыкта Пакистандын уруулар жашаган Түштүк Вазирстан аймагынын Вана деген шаарында кечээ жергиликтүү талибдердин бир нече жүзү демонстрацияга чыгып, бин Ладендин өлүмү үчүн Вашингтондон да, Исламабаддан да өч аларын эскертишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG