Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Усаманын жок кылынышы Обаманын зоболосун көтөрдү


Дүйнөнүн №1 террорчусу республикачыл президенттин учурунда аман кутулуп кетип, демократ президенттин тушунда жок кылынды.
Дүйнөнүн №1 террорчусу республикачыл президенттин учурунда аман кутулуп кетип, демократ президенттин тушунда жок кылынды.

Он жылга жакын изделген “ал-Кайида” лидеринин жок кылынышы АКШ президентине кыйла эле саясий упай алып келчүдөй.

Ийгиликтүү аяктаган бул аскердик операциядан, көпчүлүк эксперттер баамдап жатышкандай, жалгыз адам – президент Барак Обама эң чоң пайда тапчудай.

Операцияны ишке ашырууга өткөн жума күнү эртең менен расмий буйрук берүү менен кийинки дем алыш күндөрү сыр билдирбеген Барак Обама өзү деле ошондо президенттигиндеги эң маанилүү учурду баштан өткөрүп жатканын сезсе керек.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жана CBS каналынын соңку сурамжылоосуна караганда, азыр АКШ президентинин аракеттерин америкалыктардын 57 пайызы колдойт экен.

Ушул эле маалымат каражаттарынын өткөн айдын башындагы сурамжылоосу боюнча Обаманын рейтинги 46% болгон. Эгер бул сурамжылоого ишенсек, Усама бин Ладендин жок кылынышы Обаманын рейтингин 11 пайызга көтөрдү.

“Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска”

Усама бин Ладендин АКШнын атайын күчтөрүнүн абада, сууда, кургакта аракеттенүүгө жөндөмдүү атайын бөлүгүнүн абдан жашыруун даярдалган операциясы учурунда жок кылынышы америкалык өкмөттүн дүйнөнүн ар кайсы бурчунда иштеген адамдарынын чоң тобунун бириккен аракетинин натыйжасы болду. Бирок алардын көпчүлүгүнүн бул операциядагы ролу коомчулукка ачыктала албайт.

Барак Обаманы коопсуздук боюнча командасы бин Ладенди кармоо боюнча операцияга көз салууда. 1-май, 2011-жыл
Барак Обама куттуктоолорду америкалык саясий чөйрөнүн ар катмарынан операциянын ийгиликтүү жыйынтыгы жарыялана электе эле ала баштаган экен. Аны куттуктагандар арасында Обаманын ашынган сынчысы, мурдагы вице-президент Дик Чейни, анын учурдагы атаандаштары, Аляска штатынын Республикалык партиядан президенттикке ат салышары күтүлгөн мурдагы губернатору Сара Пэйлин, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Мит Ромни да болгон.

Ал эми анча белгисиз катардагы америкалыктардын ишенимин өзүн консерваторлор лагерине кошкон Стефани ысымдуу бул айымдын айткандары чагылдырып тургандай:

- Азыр упай алган - президент Обама. Президент Буш, чалгын кызматтары, армия да жакшы иш кылган. Бирок азыр башкы командачы катары операцияга буйрукту президент Обама берди. Мен туңгуч ирет биздин президент менен сыймыктанып отурам. Бул - эбегейсиз ийгилик.

Стефани айымдын бул сөздөрү 1-май күнү, америкалыктар Усама бин Ладен жок кылынганын жаңы эле укканда, Ак үй алдында айтылган. Бирок бара-бара эйфория өтүп, саясат өз ордуна кайтат. Ошондо "биз президентти эмне үчүн эле мактайбыз" деген да табигый суроо чыгышы турган иш.

Ийгиликтин формуласы

Байкоочулар белгилеп жатышкандай, бул жерде ар бир аскерий операцияда боло жүрүүчү ийгилик өз ролун ойноду. АКШнын армиясы жана чалгын мекемелери 2001-жылдын сентябрындагы террордук актылардан кийин топтогон эбегейсиз тажрыйба да кандайдыр бир деңгээлде өз салымын кошуп, Обамага жана анын коопсуздук командасына фундамент болуп беррди.

Усама бин Ладен Абботтабад шаарындагы үйдө жашырынып жүргөн.
Бирок баары бир тереңирээк анализдеп көргөндө АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн абдан маанилүү бул операцияга Барак Обаманын ээлик кылууга толук укугу бардай. Эксперттер анда бюрократиялык тартип, кылдат кесипкөйлүк жана тобокелчиликти алууга даярдык айкалышканын белгилешүүдө.

Вашингтондогу Брукингс институтунун коргонуу маселелери боюнча талдоочусу Питер Сингер мындай дейт:

- Бул жерде абдан кесипкөйлүк менен мамиле жасалганы сезилип турат. Биз Вашингтондо абдан кесипкөйлүктү адатта көп сынга алып келебиз. Бирок азыр мунун жемиши көрүнүүдө.

Брукингс институтунун дагы бир талдоочусу Майкл О”Хэнлондун көз карашында, АКШ президентинин Ооганстандагы уруштарга жаңы дем берүү чечими Усама бин Ладендин жок кылынышынын өтө маанилүү шарты болду:

- Партизан болуш үчүн Обама президент Бушка салыштырмалуу Ооганстанда ишенимдүү турду. Бул өз кезегинде биз сөз кылып жаткан операция үчүн башталгыч аянтча катары кызмат кылды. Эгер биз Ооганстан боюнча мурдагы сегиз жылдын саясатын улантсак, Жалалабад шаарында биздин карамагыбызда база болбойт эле. Рейдди баштай турган түйүн жок болгондуктан биз урушту уттуруп да коймокпуз, азыр болсо мындай жай бар. Бул жердеги борбордук түйүн рейд биздин күчтөрүбүз турган Жалалабаддан жүргүзүлгөндүгүндө.

Биз деңизден чыгып, Ооганстандын бүткүл аймагын тик учак менен коопсуз басып өтө албайбыз. Мындайды жасаш үчүн Ооганстанда ишенимдүү жайыбыз болушу абзел. Менимче Обама айрым упайларды ушул үчүн алат.

Америкалык “Тайм” журналы өз макалаларынын биринде операцияны пландоого катышкан ондогон адамдар ичинен бирөө да маалыматты ал аяктаганча сыртка чыгарбаганына көңүл бурду.

Бул - бюрократиялык оюнчулардын ар бири өзүнүн укук-милдетинен кымындай да аша чаппаганынын таң калтырган белгиси.

Мындан сырткары аналитиктер операцияны ишке ашыруунун эң опурталдуу жана тобокелчилиги чоң жолу да тандалып алынганын айтышууда. Анткени бир вариант жоокерлердин өмүрүн тобокелчиликке салбастан "ал-Кайида" лидери жашырынып жаткан үйдү тып-тыйпыл кылып бомбалап салуу эле.

Вашингтондогу Брукингс институтунун коргонуу маселелери боюнча талдоочусу Питер Сингер бул жол тандалганда Усама бин Ладендин өлүү-тирүүсү кайра эле белгисиздиктин кучагында калмактыгын айтат:

- Жерди өтүктөр баспаганда, АКШ-Пакистан алакаларынын таталдашуусу жагынан тобокелчилик азыраак болмок. Бирок муну натыйжалуу операция деп айта албайт элек. Балким имаратты жерге теңеп салышмак, бирок бул бин Ладен бар-жогун ырастай алмак эмес. Мындай чечимдерден мурдагы президенттер буйтап келишкен.

“Саясий жеңиш” шайлоодо жеңиш алып келе алабы?

Республикалык партия адатта улуттук коопсуздук маселелеринде Барак Обама өкүлү болгон Демократиялык партиядан мыкты экендигин ырастап келген. Эми дүйнөнүн номур биринчи террорчусунун республикачыл президенттин учурунда аман кутулуп кетип, демократ президенттин тушунда жок кылынышы алардын бул көзүрүн жокко чыгарчудай.

Рейтер агенттиги жазгандай, 2001-жылдын сентябрындагы терракттардан кийин америкалыктардын патриоттук сезиминин өскөнү, президент Жорж Буштун экинчи мөөнөткө бийликте калуусуна салып кошкон.

Барак Обама жубайы Мишел Обама менен
Усама бин Ладендин жок кылынышы да америкалыктардын патриоттук сезимин күчөттү. Андыктан бул жагдай да Обаманын пайдасына ойношу мүмкүн.

Айтор, кара майдын баасы кымбаттап, экономика анча илгерилей албай жаткан учурда бин Ладендин жок кылынышы 2012-жылга кайра шайлануу өнөктүгүн баштаган Барак Обама үчүн саясий жеңиш экендиги талашсыз. Бирок бул жеңиш анын келерки шайлоодогу жеңишин камсыздабайт, бул үчүн экономика оңолушу керек деп эсептегендер да бар.

Анткен менен Обаманы эми улуттук коопсуздук маселелерин үстүрт гана билген президент же саясатчы катары эч ким күнөөлөй албаса керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG