Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Кайрадан талашка түшкөн ажылык


Ажылык сапар жакындоодо
Ажылык сапар жакындоодо

Ажылыкты өкмөт же муфтият уюштурары арсар бойдон калууда. Ал ортодо ажылыкка даярдык көрүү мезгили жакындап келатат.

Кыргыз президенти Роза Отунбаева ажылыкты мындан ары диний башкармалык өткөрсүн деген жаңы мыйзамга кол койбой, артка кайтарганы кабарланды.

Тараптар ажылык боюнча келишимге келишти

Ал ортодо Кыргызстан муфтийи Чубак ажы Жалилов Сауд Арабстанга барып, 2011-жылдагы ажылык келишимине кол коюп келди. Ошентип, бул жагдайда ажылыкты мамлекет өткөрөбү же диний башкармалык өткөрөбү? - деген суроо бүдөмүк бойдон калууда.

Муфтий Чубак ажы Жалилов Сауд Арабстандын Ажы министрлиги менен 2011-жыл үчүн ажылык зыярат боюнча келишимге кол коюп келгенин айтууда.

- Ажылык боюнча бүткүл дүйнөлүк уюм тарабынан өлкөдөгү мусулмандардын санына жараша ажылык боюнча квота бөлүнөт. Ажылар бөлүнгөн квотадан көп болуп калган болсо, анда биз суранып көрөбүз дагы кошумча квота берилишин. Булар өздөрү чечим кабыл алат. Азырынча 4500 квотага кол коюп келдик. Ошондой эле ажылардын баары Сауд Арабстанга аба аркылуу келсин деген өтүнүчтөрүн билдиришти. Бирок бул талап эмес. Биз ага макул болдук.

Ошол эле кезде быйылкы жылы ажылыкты диний башкармалык уюштурары же өкмөт уюштурары арсар бойдон калууда. Былтыркы жылы ажылыкты уюштуруу ишин өкмөт өз мойнуна алып, Дин иштери боюнча комиссияга жүктөгөн. Бирок ажылыктан айрым мамлекеттик чиновниктер ири каражаттарды кымыргандыгы боюнча маалыматтар ачыкка чыккандан кийин парламент ажылыкты уюштуруу ишин мыйзам аркылуу март айында биротоло Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өткөрүп берген.

Ветонун себеби эмнеде?

Бирок президент бул мыйзамга кол койбой артка кайтаргандыгы айтылууда. Президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнүн кызматкери Максат Эсеналиевдин айтымында, ал мыйзамдын долбоору Конституцияга жана эл аралык мыйзамдарга шайкеш келбейт. Президенттин каршы пикири ошонун негизинде даярдалган.

- Каршы пикирди Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарынын негизинде даярдадык.

Анткен менен “Дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолорду киргизген долбоордун авторлорунун бири, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев мыйзамга вето койгонун башка неседен көрөт.

- Менимче, президентти өзүнүн юристтери жана аппаратынын кызматкерлери абдан туура эмес жагдайга түртүп жатышат. Ал эми тереңдеп карай турган болсок, мунун аркасында абдан кызыкан кишилер турат. Быйыл дагы ажылыкты Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурсун деп жанталашып жатышат.

2010-жылдагы ажылык ишиндеги кыңыр иштер алигиче ачыкка чыга элек. Ал ортодо Мекеге зыярат кылууга камылга көрө турган кез чукулдап калды. Президенттин ажылык мыйзамга койгон ветосун Жогорку Кенеш кайра карап чыгуу жол-жоболоруна кыйла убакыт талап кылышы мүмкүн. Эгер мыйзам эки ортодо калса, анда ажылыкты уюштуруу эски мыйзамга ылайык, кайрадан Дин иштери боюнча комиссияга жүктөлүп калмакчы.
XS
SM
MD
LG