Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Каннда камактагы ирандык режиссерлордун тасмасы көрсөтүлөт


Канн кинофестивалынын жюрилер тобунун быйылкы төрагасы Роберт Де Ниро. Канн. 10-май, 2011
Канн кинофестивалынын жюрилер тобунун быйылкы төрагасы Роберт Де Ниро. Канн. 10-май, 2011

11-майда Франциянын Канн шаарында дүйнөдөгү эң чоң кинофестиваль ачылат. Cынакта былтыр алты жылга соттолгон ирандык режиссерлор Жафар Панахи менен Мухаммад Расулофтун тасмалары көрсөтүлөт.

Канн фестивалы быйыл 64-жолу өтүүдө. Бул - дүйнөдөгү эң чоң кинофестиваль.

Фестиваль ачыларына үч күн калганда ирандык режиссерлор Жафар Панахинин жана Мухаммад Расулофтун тасмалары конкурстук программада көрсөтүлөрү жарыя болду.

Эки режиссер былтыр декабрда Ирандагы бийликке каршы ишмердүүлүгү үчүн 6 жылга эркинен ажыратылып, аларга 20 жыл кино тартууга жана сценарий жазууга тыйуу салынган.
Жумушчулар "Фестивалдар сарайына" кирчү жолго килем төшөөдө. Канн. 11-май 2011

Аббас Бахтияри Париждеги “Изилдөөчү” (Пуя) деп аталган Иран маданий борборун жетектейт. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Панахи жана Можтабо Мир-Тахмасб чогуу тарткан “Бул фильм эмес” тасмасын мындай сыпаттады:

- Бул тасмда Панахинин акыркы бир нече айда апелляциялык соттун өкүмүн күтүп жаткан учуру тартылган. Панахи жана анын кесиптеши Мир-Тахмасб тасмада Панахинин жашоосунун бир күнүнүн мисалында ирандык кинематографисттердин кыйынчылыктарын чагылдырууга аракет кылышат.

Панахи үй камагында болгондуктан тасма анын төрт дубалдын ичиндеги турмушуна арналган. Тасмага Канндагы француз режиссерлор жамааты өздөрүнүн “Алтын араба” сыйлыгын ыйгарганы жатышат.

Мухаммад Расулофтун “Жакшы кал” тасмасы фестивалдын жаңы таланттар программасында көрсөтүлөт. Тасма чет өлкөгө чыгуу үчүн виза ала албай жүргөн тегерандык адвокат жөнүндө.

Жафар Панахи Берлин кинофестивалында жеңип алган күмүш байге менен. Берлин, 18-февраль, 2006
7-майда фестивалдын төрагасы Жил Жакоб жана башкы директору Тьерри Фремонун атынан жасалган билдирүүдө жарым-жартылай жашыруун шартта тартылган бул эки тасма - ирандык режиссерлордун эр жүрөктүүлүгүн жана алардын катаал шарттагы чеберчилигин шарданалайт деп белгиленет.

Мындан улам серепчилер быйыл Каннда саясий талкуулар көп болорун боолгошот. Демейде Берлин фестивалынын атына ашыкча саясатташып кеткен деген сындар айтылчу.

Иран бийликтеринин максаты, Аббас Бахтияринин айтышынча, катаал өкүм аркылуу кинорежиссерлорду саясаттан четте кармап туруу:

- Соттун өкүмүндө Панахиге кино тартууга тыйуу салынганы жөнүндө эч нерсе айтылбаган. Панахи тасмага тең орток режиссер болгонго катар башкы ролду да аткарат. Тасма Иран кинематографиясы жана режиссерлору бет келген оор жагдайды көрсөтөт.

Канн фестивалынын баш байгеси - "Пальма бутагы".
Абактан күрөө пулга бошотулган Панахи жана Расулоф ушу тапта апелляциялык соттун чечимин күтүшүүдө.

Жафар Панахи камакка алынганга чейин Ирандагы 2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Махмуд Ахмадинежаддын кайра президент шайланышына каршы элди бириктирген "Жашылдар кыймылы" тууралуу даректүү тасма тарткан.

Ал ошондой эле Иран коомундагы терс көрүнүштөр тууралуу тасмалары үчүн түрдүү эл аралык сыйылыктарды, анын ичинде Венеция жана Берлин фестивалдарынын баш байгелерин жеңип алган.

Былтыркы Берлин жана Канн кинофестивалдарына Панахи катыша албаса да эл аралык жюриге мүчө болгон.

22-майда аяктай турган Канн фестивалы быйыл америкалык киночебер Вуди Алендин “Түн ортосундагы Париж” деген комедиясы менен ачылат. Тасмада Франциянын кан айымы Карла Бруни чакан ролду ойнойт.

Америкалык актер Роберт Де Ниро башындагы калыстар тобу фестивалдын жабылышында “Пальма бутагы” баш байгесин 20 тасманын мыктысына ыйгарат. Баш байге үчүн Педро Алмодовар жана Ларс Ван Трьер сыяктуу дөө-шаалар менен бирге биринчи жолу төрт аял режиссер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG