Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Бишкекте террорчу деп шектелген түрк жараны кармалды


Кармалган түрк жараны өз өлкөсүндө террордук "ал-Каида" уюму менен байланышта деп айыпталганы айтылууда.
Кармалган түрк жараны өз өлкөсүндө террордук "ал-Каида" уюму менен байланышта деп айыпталганы айтылууда.

УКМК террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелип жаткан түркиялык жаран Али Осман Зорду майдын башында камакка алган.

“Аль-Каида” уюму менен байланышта деп айыпталган, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган экен.

Осман Зор Кыргызстандан качкын макамын сураган

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Али Осман Зорду кармап, өз өлкөсүнө өткөрүп берүү тууралуу түрк өкмөтүнөн өтүнүч келген. Анын айтымында, Зор өз өлкөсүндө террорчулукка байланыштуу айыпталууда:

- Түркиянын Адилет министрлигинен Али Осман Зорду кармоо жана берүү жөнүндө өтүнүч келген. Ошол өтүнүчтүн негизинде биздин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармашкан. Азыркы убакта Биринчи май райондук соту тарабынан бир айга абакта кармоо жөнүндө санкция берилген. Азыр Али Осман Зор УКМКнын абагында жатат.

Мурзакуловдун билдиришинче, Кыргызстан менен Түркия кылмышкерлерди өткөрүп берүү тууралуу Анкарада 2006-жылы кол коюшкан. Бул келишимди кыргыз тарап ратификациядан өткөргөн. Бирок Расмий Анкара ратификациялабай жаткандыктан күчүнө кире элек. Мурзакулов антсе да кыргыз мыйзамдарына ылайык, Бишкек өз ара кызматташуу аркылуу кылмышкер деп табылган адамды өткөрүп бере аларын айтты.

Эмгек, элди иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин маалымат катчысы Назгүл Мурзаева Осман Зор аларга качкын макамын сурап кайрылганын “Азаттыкка” тастыктады:

- Түркиянын жараны Али Осман Зор Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине 2010-жылдын 15-июнунда качкын макамын берүү тууралуу арыз менен кайрылган. Азыркы убакты бул жарандын арызы каралып жатат. Жооп бериле элек. Каралганда, баардык жактан маалымат топтолот. Андан сырткары өзү менен да апрель айында бир нече ирээт маектешүү өткөрүшүптүр.

Кыргызстан айыпталган түрк жаранын кайтарып бере албайбы?

Ал ортодо түркиялык жаранга Кыргызстандагы “Адилет” укуктук клиникасы жардам бергени ачыкталды. Аталган бейөкмөт уюмдун качкындар иши боюнча жетекчи орун басары Хурниса Махадинова мындай дейт:

- Миграция кызматында катталган бардык тараптар биздин потенциалдуу кардарларыбыз болуп эсептелет. Анткени биз качкындар жана башпаанек издеген жарандар менен иштейбиз. Эгерде адам башпаанек сурап миграция кызматына же Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча комиссарына кайрылса, анын арызы каралып жаткан чакта биз ал адамга укуктук жардам беребиз. Укуктук жардам дегенде биз ага кеп-кеңеш беребиз, мыйзамдарды түшүндүрөбүз. Биз анын террорчу же террорчу эмес экенин аныктабайбыз. Муну атайын кызматтар аныктайт.

Хурниса Махадинова качкын макамын сурап кайрылган жарандын арызы каралып бүтмөйүнчө Башкы прокуратура аны башка өлкөгө өткөрүп бере албай турганын айтты. Кыргыз мыйзамдары буга жол бербесин Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Тилек Мурзакулов да ырастады. Ошону менен катар соңку учурларда Кыргызстанды четтен качып келген кылмышкерлер башкалка кылып алып жатат деп кошумчалады:

- Качкын деген макам боюнча талаш-тартыш болуп жатса биз анда ал кишини башка өлкөгө бере албайбыз. Анткени Али Осман Зор да жаран, анын да укуктары бар. Бирок кылмышкерлер жоопкерчиликтен качуу үчүн Кыргызстанга качып келип эле дароо эле качкын деген макам сураган мода таап алышкан. Бизде ушундай бир топ окуялар болгон. Биздин кайрылуубуздун негизинде Миграция министрлиги качкын деген макамды алып салган.
Эми Али Осман Зордун таржымалын айта кетели. Осман Зор “Улуу Чыгыш жоокерлеринин ислам фронту” деп аталган уюмдун активдүү мүчөсү экен. Бул саясий-диний уюмду Түркия мыйзамсыз деп тапкан. Аталган уюмду 1970-жылдары көбүнчө Салих Мирзабейоглу деген ат менен таанымал күрт жазуучусу Салих Иззет Эрдиш түзгөн. Мирзабейоглу 1998-жылы камакка алынып, 20 жылга эркинен ажыратылган. Бир катар интернет булактарга ылайык, бул уюм Стамбулда 2003-жылкы жардыруу жоопкерчилигин мойнуна алган.

Дагы бир жагдай. Кыргызстанда “Таза дин” деп аталган уюм Ош шаарында 2009-жылы жайында Салих Мирзабейоглунун бошотулушуна тилектеш болуп чыккан. “Таза диндин” башында Жалал-Абаддын мурунку казысы Дилмурат ажы Осмонов турат, ажы өзү учурда Кыргызстанда жок экени айтылууда. Айтмакчы, "Таза дин" Кыргызстанда каттодон өткөн эмес.

Маалыматка караганда, Али Осман Зор Кыргызстанда журналист жана бизнесмен катары иштеп жүргөн. “Баран” (кыргызчалаганда күч, кубат деген мааниде) деп аталган оппозициялык түрк тилдүү журналдын редактору болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG