Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Пакистан президенти Москвага сүйлөшүүгө келди


Президент Асиф Али Зардари Орусияга төрт күндүк иш сапарга келди. Бейшембиде президент Зардари президент Медведев менен жолугат. Сүйлөшүүдө Борбор жана Түштүк Азияда терроризм жана маң зат ташууга каршы күрөшкө басым жасалат.

Кремлдин маалыматында сүйлөшүүлөрдө энергетика жаатында кызматташуу, Ооганстан жана Пакистан аркылуу түркмөн газ куурун тартууда Орусиянын катыштыгы тууралуу маселе көтөрүлөт. Расмий Москва Исламабад менен өтө жакын мамиледе болгон эмес. Эки өлкө ортосундагы алакага Индия бөгөт болуп келген.

Ошондой эле Пакистандын жашыруун кызматы Ооганстандагы советтик операцияларга каршы мужахиддиндерди даярдап турган деген тарыхый кине дагы эле бар.

XS
SM
MD
LG