Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Сирия: Дараада өлгөндөрдүн саны 20га чукулдады


Укук коргоочулардын берген маалыматында өкмөттүк күчтөр менен белгисиз көзгө атарлардын огунан бир катар шаарларда өлгөндөрдүн саны бери деген 19 экени айтылат. Дараа шаарына жакын Ал-Хараа кыштагында эле 13 киши жарадар болгон. Хомс шаарында атайын операция маалында танктан ок атылып, анда 5 киши мерт болгон. Дараа шаарына чукул Йассемде дагы адамдар өлгөндүгү кабарланды.

Сирияда март айынын ортосунда президент Башар ал-Ассадга каршы массалык каршылык акциялары башталып, миңдеген кишилер көчөгө чыгууда. Башаламандык от алгандан бери 800дөн ашуун киши өлүп, миңдеген оппозициячыл маанайдагылар камакка алынды.

XS
SM
MD
LG