Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Эл аралык сот Судан президентин камакка алууну талап кылат


Эл аралык кылмыш соту президент Омар Баширди камакка алуу чараларын көрүү үчүн Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылды.

Сот аскерий кылмыш жана геноцид үчүн айыпталган президент Башир Жибутиге барганда аны камакка алуу тууралуу чечимге карабастан, эч чара көрүлбөгөндүгүн дагы эскертти.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча Түндүк Судандын Дафур өрөөнүндө жасаган кылмышы үчүн ал-Баширди камакка алуу боюнча чечим 2009-жылдын март жана 2010-жылдын июль айларында кабыл алынган.

Судандын президенти кызмат ордунда туруп эл аралык сот тарабынан айыпталган биринчи мамлекет башчы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG