Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

ЧКМ: Жер көчкүлөр тууралуу эскертмелер аткарылбай жатат


Чукул кырдаалдар министрлиги жер көчкүлөр тууралуу атайын эскертмелерди айрым өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундар аткарбай жатканын билдирди. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун билдиришинче, Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайында ондон ашык тамактануучу жайлардын ээлерине 2009-жылы эле эскертме берилген, бирок аткарылган эмес. Токтогул районунан 160тай үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүшү керектиги айтылган, бирок алардын 14ү гана жер которгон. Бекиловдун айтымында, ушундай эскертмелер кооптуу деген аймактын башчыларына жөнөтүлүп турат.

11-майда Чычканда жер көчкү болуп, капчыгайда тамактануучу жайлардын биринде иштеген адамды басып калды. (EBM)

XS
SM
MD
LG