Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Улут аралык жаңжалдын унутпай турган сабактары


Ош шаары
Ош шаары

Былтыркы улут аралык жаңжалдын бир жылдыгын утурлай “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ал калабанын сабактарына арналды.

Талкуунун катышуучулары:

Президент аппаратынын этникалык жана диний саясат, жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Аблабек Асанканов, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдурасулова, коомдук ишмер Бөрүбай Жураев, адвокат, “Адам укугу жана демократия” борборунун төрагасы Идирисбек Кубатбеков.

“Азаттык”: Былтыркы каргашанын бир жылдыгына чейин ириде Кыргызстандын коомчулугу, ал эми чет өлкөлөрдүн бул окуяга жана андан кийинки жараяндарга байкоо салып жаткан чөйрөлөрү, эл аралык уюмдар улуттук жана эл аралык комиссиялардын изилдөөлөрү, кортундулары менен тааныш болуп калышты. Ага чейин жергиликтүү жана чет элдик укук коргоо уюмдары өз баяндамаларын жарыялашкан.

Эми ушул айдын ичинде парламенттик комиссия да өз тыянагын чыгарат деп күтүлүүдө. Албетте ал баяндамалардын окшош менен катар талаштуу жактары да бар экени көрүндү. Бирок кандай болгон күндө аларда улут аралык жаңжалдын акыркы жыйырма жылда экинчи ирет кайталанышынын бир нече себептери аныкталып, кандайдыр бир картина түзүлгөндөй болду.

Эми андай окуялардын кайталанбашы Кыргызстандын саясий элитасынын, жетекчилигинин, өлкө түштүгүн байырлаган кыргыз жана өзбек калктарынын болуп кеткен кан төгүүдөн туура сабак алып, жыйынтык чыгарып, мындан аркы кадамын кандай шилтерине көз каранды болот өңдөнөт. Былтыркы улут аралык жаңжалдын Кыргызстан үчүн негизги, биринчи, экинчи, үчүнчү сабактары кайсылар?
Эгерде эки улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашоого өздөрү ынтызар болуп, өздөрү демилге көтөрүп чыкпаса бейөкмөт уюмдардын, эл аралык, мамлекеттик уюмдардын жасаган иштери эч качан өзүнүн натыйжасын бербейт.


Аблабек Асанканов: Ош окуясынын эң негизги сабактарын билиш үчүн анын келип чыгышынын себептерин карашыбыз керек. Менин пикиримде, биз жаңжал болуп калганда, же жакындап калганда, же улуттардын ортосунда локалдуу, же регионалдуу масштабда жаңжал чыгып кеткенде гана карап калабыз. Бул такыр туура эмес. Пайда кылган, түрткү болгон жаңжалды терең изилдегенде гана сабактарын биле алабыз.

“Азаттык”: Идирисбек мырза, сиз Ош окуясынын негизги себептери эмне деп эсептейсиз?

Идирисбек Кубатбеков: Мен Ош окуясын өз көзүм менен көргөн киши катары айтат элем, биз эмне сабак алдык? Жалпы Ош шаарында стабилдүүлүктүн бузулушу биринчи сабак болду.

Бүгүнкү күндө элдин коопсуздугунда көп проблемалар пайда болду. Айрыкча элди бүгүн түйшөлтүп жаткан бул үмүтсүздүк. Эртеңкиге болгон ишенимдин, же имараттарды курууда, же башка иштерди баштоодо үмүтсүздүк пайда болду.

Андан кийинки эң чоң сабагы: өзбек улуту болобу, кыргыз улуту болобу, эки тарап тең материалдык жана моралдык жоготууларга дуушар болду, канчалары дүйнөсүнөн, үй-жайынан айрылды.

Андан тышкары эң негизги сабагы – адам жоготуулар болду. Эң акыркы сабагы катары айтат элем, окуя болгондон кийин деле жаңжалга барган кыргыз, өзбек улуту чогуу жашоону улантып жатат.

“Улут аралык мамиле оюн эмес”

“Азаттык”: Эми конкреттүү эки тарап үчүн сабактарына келсек. Эгер эле орто жолдон кайтып кетпесе, Кыргызстан башкаруунун парламенттик системасы менен кете тургандай болуп калды. Парламенттик башкарууда өлкөдөгү саясат үчүн өкмөттү түзгөн саясий күчтөр жоопкер болот.

Улуттук комиссия өз баяндамасында мурдагы эки президентибизди улуттук маданий борборлорду же алардын лидерлерин өзүлөрүнүн коньюктуралык саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланган деп айыптаган эле. Мында эми шайлоолор эске алынып жатса керек.

Былтыр алты ай бийлик жүргүзгөн Убактылуу өкмөт да кезинде учурда айыпталып жаткан өзбек лидери Кадыржан Батыровдун кызматын пайдаланган деген да ырастоолор жок эмес. Азиза айым, саясий элита кандай сабак алыш керек?
Башка улуттун өкүлдөрү эле эмес, кыргыз улутунун жаштары келип кызмат өтөгөндө уруп-сабоого дуушар болуп, каза болгон учурлар да бар. Ошондуктан бул маселе жаатында да көңүл бөлүнүш керек.


Азиза Абдурасулова: Ош окуясы өтө чоң трагедия болгондуктан мындан биз бир нече сабактарды алышыбыз керек. Анын негизгиси - саясий сабак.

Ошол саясатчылар, мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызмат абалындагылар, же болбосо Кыргызстанга аты-жөнү белгилүү болгон саясатчылардын баары эч убакта улуттар аралык мамилелер менен ойнобошу керек.

Мен мисал катары 14-15-майдагы окуяны айтып кетким келет. Ошондо Жалал-Абад облустук администрацияны бошотууга Кадыржан Батыров баштаган “Родина” партиясынын өзбек улутундагыларды катыштыруунун канчалык деңгээлде кереги бар эле? Биздин Кыргызстандын тартип коргоо кызматкерлери ушундай иштерге аралашпастан кайда жүрүшкөн?

Ошол эле убакта Тейиттеги Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөөгө катышкандар негизги түрткү болду. Ушундан саясий элита сабак алыш керек. Эч убакта улуттар аралык мамиле менен ойнобош керек экендигин билиши керек.

Ушул эле мамлекеттик деңгээлде жоопкерчиликти көбөйтүш керек. Мындай окуя мындан кийин болбой калат деген эч убакта кепилдик болбойт. Бирок Ош окуясы убагында мамлекеттик жоопкерчилик солгундаганынан, же ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн алсыздыгынан өтө көптөгөн куралдар ошол кагылышуунун катышуучуларынын колдоруна өтүп кеткен.

Бүгүнкү мамлекеттик деңгээлде ушул маселелер каралыш керек, мындан ары ушундай кокустуктар болгондо мамлекет өзүнүн колундагы курал-жарактарды элге тарттырып жибербестен сактап калышы керек. Бул өтө чоң маселе.

Журналисттер, кыргыз тилдүү гезиттер улут маселесин ашкере жарыялап, улутчулдук темага көбүрөөк берилгени журналисттер үчүн чоң сабак болуш керек. Улуттар, диндер аралык мамилелерде ар бирибиз этияттык менен мамиле кылышыбыз керек.

Тарых издери

“Азаттык”: Бөрүбай мырза, сиз кыргыз парламентинин бир нече чакырылыштагы депутаты болдуңуз, саясий чөйрөдө жүрдүңүз. Кыргызстандагы өзбек жамаатынын учурда прокуратура тарабынан сыртынан айыпталып жаткан, анын ичинде жикчилдик беренеси боюнча күнөөлөнгөн, бирок тартип коргоо органдарынын ырастоолору менен макул эместигин да билдирип жатышкан мурдагы лидерлери Кадыржан Батыров, Иномжон Абдурасулов, Жалаллудин Салахидинов да кезинде парламенттин депутаттары болушкан. Өзбек жамаатынан келечекте да саясатка аралашкысы келген лидерлер чыкса керек. Алар былтыркы улут аралык жаңжалдан кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз?
Көп улуттуу өлкөдө, көп тилдүү, ар түрдүү маданияттуу эл экенибизди түшүнүп, бири-бирибизди сыйлап, бири-бирибиздин маданиятыбызды, тилибизди, болуп өткөн тарыхыбызды сыйлай билишибиз керек.


Бөрүбай Жураев: Азиза туура айтып кетти, өкмөт оюндарды кылбашы керек эле. Өз убагында буларды саясатка аралаштырбашы керек эле. Биз аксакалдар айттык, бакиевчилер менен жаңы өкмөттүн ортосунда болуп аткан ишке, жаңы өкмөт өз кадрларын коюп аткан маалда аралашпагыла деген саясатта болду көп өзбектер. Азыр да “силер туура айткан экенсиңер, биз кулак салбаптырбыз” деп көп жаштар айтып атышат. “Биз билбестен анча-мынча ушунун артынан кетип калыптырбыз” деген сөздөр болуп атат калк арасында.

Ар кыл чагымчылардын артынан жүрүп, алардын колунда куурчак болуп калбашыбыз керек экен. Бул жерде жашаган өзбектер үчүн бул чоң сабак болду. Азыр көпчүлүк адамдар айтып атышат, карапайым калк бекер набыт кетти, муну уюштургандар жаза албастан кетип калышты деген сөздөр болуп атат.

Биз Ош окуясынан сөзсүз сабак алышыбыз керек, ортодо акыйкат, чындык болуш керек. Чындык бар жерде тополоң чыкпайт. Бийликтегилер, тартип коргоо кызматкерлери чындыкты жүзөгө ашырбастан жаман иштерди кылып койгон мисалдар бар, ушунун бүтүп кетишине тоскоолдук кылып атышат.

Губернатор болобу, министр болобу, же кичине ишканалардагы кызматчылар болобу акыйкат жүрүш керек. Ушундай болсо тезирээк ишибиз жакшырып кетет деген ойдомун.

“Азаттык”: Ириде Кыргызстандын бийлиги, кыргыз, өзбек калктары 90-жылкы жаңжалдан туура сабак албаганынан улам былтыр жаңжал кайталанды деген пикир азыр бизде үстөмдүк кылат.

Албетте 1990 жана 2010-жылкы жаңжалдардын тутанып кетишине түрткү берген окуялар, конкреттүү каармандары эки башка, бирок алардын тарыхый тамыры жана түпкү себептери, айрым фактылары окшош.

Эки жаңжал тең борбордук бийлик алсырап, кыргыз элитасы ич ара бийлик талашып турган учурда болду. Улуттук комиссия жаңжалдын түпкү себептеринин бири катары туура улуттук саясат жүргүзүлбөгөнү, саясат жүрсө да ал декларация форматында гана болуп, практикалык иш-чаралар менен коштолбогондугун атаган эле. Мамлекет иш жүзүндө этникалык саясаттан четтеп кеткенин жана этносаясий интеграциянын эффективдүү моделдерин же үлгүрлөрүн сунуш кылбай келгендигин жакында эл аралык комиссия да белгиледи.

Аблабек мырза, кандай дейсиз мына ушул кенемтени толтуруу эми алдыдагы башкы милдеттердин бириби?
Жаңжал болуп калганда, же жакындап калганда, же улуттардын ортосунда локалдуу, же регионалдуу масштабда жаңжал чыгып кеткенде гана карап калабыз. Бул такыр туура эмес.


Аблабек Асанканов: Мен буга кошулам. Көп улуттуу өлкөдө, көп тилдүү, ар түрдүү маданияттуу эл экенибизди түшүнүп, бири-бирибизди сыйлап, бири-бирибиздин маданиятыбызды, тилибизди, тарыхыбызды сыйлай билишибиз керек. Ошондуктан президенттин аппаратында биздин бөлүм келечекте элдердин ортосундагы этникалык саясаттын өнүгүүсүнүн концепциясын иштөөнү жетектедик. Буга бүткүл эл иштеди, бардык илимпоздордун, көп уюмдардын арасында атайын структуранын түзүлүшү, келечекте Кыргызстанда этникалык саясат кандай болуш керек, кандай бөлүктөрдөн туруш керек деп биринчи иретте өткөрдүк.

Иштелип чыккандан кийин анын мазмуну бардык аймактарда экинчи ирет талкууланды. Акырында биз окумуштууларга, академиктерге, жогорку окуу жайларга бердик, ошондой эле бейөкмөт уюмдар да активдүү катышып атат.

“Азаттык”: Демек азыр долбоор форматында да?

Аблабек Асанканов: Ооба, долбоор форматында. Кызыктуусу, ушул этникалык концепциясын коом керектеп атканын мындан билсек болот: ушул эле мезгилде Жогорку Кеңеш да “Ата Журттун” жетекчилиги менен иштеп чыгып, жакында гезитке жарыяланды. Ушунун өзү дагы далилдеп турат.

Буйруса, Жогорку Кеңеш анализдеп, тактап, талкуулап, элге жарыялап, ушунун негизинде биз вектор катары кабыл алып, ошонун негизинде жашасак абдан жакшы болор эле деп ойлойм.

Капаланткан кадр саясаты

“Азаттык”: Айрымдар эки элдин элдешүү жараяны жасалма эмес, табигый нукта кетүүсү керектигин айтып жатышат. Бөрүбай мырза, сиздин баамда Ошто элдүү жараяны барбы?

Бөрүбай Жураев: Азыр айтылган сөздөр ишке ашыш керек. Кеткен каталарды кайталабашыбыз керек. Азыр анча-мынча нерселер кайталанып атат. Кадр саясатында 90-жылдан бери болуп келген нерселер дагы эле болуп атат.

Улуттук комиссиянын тарыхый мааниси бар. Азыр өкмөт жакшы программаларын чыгарды, ушул кагаз жүзүндө калбастан ишке ашышы керек.

ММКларды, тартип коргоо органдарын чакырып кетет элем, бизге диаспора, түптүү улут деген сөздөрдү азыраак айтып, Кыргызстандын атуулдары деп сүйлөсөк. Өзбектер башка жактан келип калбастан, жети атабыздан бери, ушул мамлекет түзүлгөндөн бери ушул жерде бирге жашап келсек, биз эмнеге диаспора болобуз деп булар капа болот.
Ушундан саясий элита сабак алыш керек. Эч убакта улуттар аралык мамиле менен ойнобош керек экендигин билиши керек.


“Азаттык”: Азиза айым, улуттук комиссия да, эл аралык комиссия да келечекте өзгөчө күч структураларынын, сот органдарынын кадрдык курамында, Кыргызстан калкы көп улуттуу экендигин эске алуу зарылдыгын белгиледи. Жогорудагы мекемелердин бүгүнкү кадрдык курамы мактоого арзыбаганы менен аларда иштөө кесиптик даярдыкты талап кылат. Демек жогорудагы мекемелер үчүн улуттук азчылыктардын өкүлөрүнөн кадр даярдоо ырааттуу көңүл бурууну, атайын программаны талап кылбайбы?

Азиза Абдурасулова: Атайын программа болбосо да мамлекеттик чоң көңүл бурууну талап кылат. Мамлекеттик бийликке келүү, кадр саясатында бир улуттун өкүлү болгондугу үчүн деген критерий жок. Анын билимине, жөндөмүнө жараша болот. Ошондуктан биз бардык улуттарга бирдей билим алуу, кадр тандоо укуктарын камсыз кылуу үчүн сөзсүз түрдө улуттардын билим алуу жагына көңүл бурушубуз керек.

Азыр Аблабек мырза айтып кеткен концепциянын ичинде билим саясаты да кириш керек. Дагы бир саясат бар, бул жерде ички иштер кызматына келүүдө көбүнчө аскер кызматындагы кызмат өтөө жагдайлары да бар. Буга биринчиден, бизде алтернативдик кызмат өтөө деген бар, ар бир улуттун өкүлдөрү кааласа аскерге барып кызмат кылат, болбосо алтернативдик кызмат өтөөгө акчасын төлөп коюп кетип калып атышат.

Экинчи тараптан, аскер жагында да дедовщина көп болуп жатат. Башка улуттун өкүлдөрү эле эмес, кыргыз улутунун жаштары келип кызмат өтөгөндө уруп-сабоого дуушар болуп, каза болгон учурлар да бар. Ошондуктан бул маселе жаатында да көңүл бөлүнүш керек. Улуттар арасындагы элдештирүү, улуттар аралык концепциясы биринчи караганда маани бербеген, бирок нааразычылыктын негизин түзгөн жактарга да көңүл бөлүш керек.

“Азаттык”: Бөрүбай мырза, өзбек жаштар арасында күч структураларында, сот органдарында иштөөгө кызыгуу барбы? Канткенде бул тармактарга аларды тартса болот деп ойлойсуз?

Бөрүбай Жураев: Тезирээк кадр маселесин чечиш керек. Азыр иштей турган балдар бар, тизмелерин тактап койгонбуз. Тополоңдон кийин башчылары качып кетип, улуттук маданий жана башка кичи борборлор иштебей калды, ошолорду иштетиш керек. Көп жакшы адамдар бар бул жерде, ошолор менен биргеликте кадр маселесин карап, ишке жарай турган, даярдыгы жакшы балдар бар, ошолорду ишке аралаштырып бирге жүрсө болот. Практика көрсөттү, бул жерде эч кандай тополоң, жаман иштер болгон жок.

Келечек жана үмүт

“Азаттык”: Мына улуттук комиссия өзүнүн жыйырмадай сунушун берди, эл аралык комиссияныкы 40ка жакын. Эми алардын айрымдары кабыл алынгыс экендигин өкмөт да жашырган жок.

Аблабек мырза, эки, парламенттикин кошкондо үч комиссиянын сунуштары иргелип, бириктирилип, аларды аткаруу үчүн жол картасы дегендей документ кабыл алынып, мөөнөттөрү белгиленип, түштүктө эки элдин камыр-жумур жашоосуна салым кошо тургандай практикалык иштер башталышы керекпи?
Ар кыл чагымчылардын артынан жүрүп, алардын колунда куурчак болуп калбашыбыз керек экен. Бул жерде жашаган өзбектер үчүн бул чоң сабак болду.


Аблабек Асанканов: Сөзсүз, депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин президент аппараты, өкмөттүн аппараты жыйынтыктарды алып, ошонун негизинде иш-чараларды иштеп чыгып, анын негизинде атайын токтом кабыл алынып, ошолорду ишке ашыруу боюнча чаралар кабыл алынат деп ойлойм. Ошолор кабыл алына электе эле, азыр концепция карап атпайбызбы, ошону тереңирээк карап, окуп көрсөңөр, концепцияны ишке ашыруу үчүн атайын стратегиялык план кабыл алынган, ошондо Ош окуясын пайда кылган нерселердин баарын болтурбоо үчүн абдан жакшы шарттарды түзүү жана кабыл алуу каралган.

"Азаттык": Ошонун мөөнөтүн да кечиктирбеш керек да, быйыл президенттик шайлоо болот.

Аблабек Асанканов: Сөзсүз, антпесек болбойт. Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек: биздин жергиликтүү эл, башка эл да эч жакка кетпейт, бул Кыргызстандын атуулдары, бул жерде туулуп-өскөн, мекени Кыргызстан. Ошондуктан "Кыргызстан - менин мекеним" деген идеологиянын тегерегинде баарыбыз тең иштешибиз керек. Ошондо биз Кыргызстанды сүйөбүз, ошондо биз Кыргызстанды жогору көтөрө алабыз.

Идирисбек Кубатбеков: Айрыкча Ош окуясында катышуучулар жаштар болду. Ошондуктан мамлекеттик жаштар саясатын кайра карап чыгуу зарыл. Айрыкча өзбек улуту болобу, кыргыз улуту болобу, бир мамлекеттин жашоочусу катары эмес, эки мамлекеттин жаштары катарындай мамиле болуп келди. Ошого көңүл бурушубуз керек.

Экинчиден, 90-жылкы окуяларда жер бөлүштүрүү маселеси жакшы болгон эмес, өзбек тектүүлөрдү Он-Адырга, ал эми кыргыздарды Ак-Тилекке бөлүп жайгаштырып койгон. Кечээ күнү Ош окуясында ошонун натыйжасы эки база катары кызмат кылды.

Ошондуктан азыркы мезгилде жер бөлүштүрүү жүрүп атат, ошондо эки элди аймактарда чогуу жашатуу маселесине көңүл бурушубуз керек.

Үчүнчүдөн, эгерде жөнөкөй эл, эки улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашоого өздөрү ынтызар болуп, өздөрү демилге көтөрүп чыкпаса бейөкмөт уюмдардын, эл аралык, мамлекеттик уюмдардын жасаган иштери эч качан өзүнүн натыйжасын бербейт. Себеби бул жерде жабыркай турган да, чогуу жашап өнүгө турган да жергиликтүү эл, эки улуттун өкүлдөрү.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG