Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Сирияда дагы 7 киши окко учту


Жекшемби күнү Сириянын Тел-Келах шаарындагы анти-өкмөттүк демонстрацияны басуу учурунда аскерлер аткан октон жети киши набыт болгонун оппозициянын активисттери билдирди. Акыркы жумаларда коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугунан коркуп, Сириянын батышынан миңдеген адамдар Ливанга качып өтүшкөн. Адам укугун коргоочу уюмдардын билдиришинче, марттын ортосунда президент Башар Ассаддын режимине каршы элдик козголуш башталгандан бери Сириянын коопсуздук күчтөрү 775тен көп адамдын өмүрүнө зобун келтирген.

XS
SM
MD
LG