Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Студенттердин “Бишкек жазы” фестивалы башталат


Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн борбор шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасындагы “Бишкек жазы-2011” фестивалынын экинчи туру “Сейтек” борборунда башталат. Ага Бишкектеги 18 окуу жайдын студенттери катышат. Бул фестивал 18-майга чейин созулуп, 26-майда жеңүүчүлөрдүн гала-концерти менен аяктамакчы. Сынакта жогорку окуу жайлардын студенттери музыка, бий багытындагы бир катар жанрлар боюнча күч сынашат. Ага Кыргызстандын белгилүү музыканттары, артисттер калыс болушат. Буга чейин жогорку окуу жайлардын ичинде таңдоо туру өткөрүлгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG