Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Беларус: оппозиция лидеринин жубайы соттолду


Бүгүн Беларус соту абакка кесилген Андрей Санниковдун аялы, журналист Ирина Халипти өткөн жылдын декабрындагы президент Лукашенкого каршы акцияларга катышкандыгы үчүн эки жылга кести.

Халип буга чейин Минск шаардык сотунун чечими менен үй камактан бошотулган.

Аны менен чогуу дагы эки оппозициялык активист эки жана үч жыл мөөнөткө кесилди.

14-майда мурдагы президенттикке талапкер Андрей Санников 5 жылга эркинен ажыратылган.

2010-жылдын 19-декабрында өткөн беларус шайлоосун эл аралык коомчулук тааныган эмес. Беларустун өзүндө болсо шайлоодон кийинки каршылык демонстрациясын уюштурган деп 20 кишиге айып тагылды.

XS
SM
MD
LG