Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Максим Бакиев банктарды кантип колго алган?


Максим Бакиев, 2009-жылдын 25-ноябрында тартылган сүрөт.
Максим Бакиев, 2009-жылдын 25-ноябрында тартылган сүрөт.

“Викиликс” жарыялаган сонку маалыматтарда Максим Бакиевдин коммерциялык банктарды басып алуу фактылары ачыкталган.

Кыргызстандагы абал боюнча "Викиликстин" маалыматтары жарыялана баштады. Алардын биринде президенттик администрациянын ичиндеги абал талдоого алынса, 17-майда жарыяланган бөлүгүндө банк системасындагы коррупция, Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин коммерциялык банктарды басып алуулары тууралуу сөз болгон.

Банктарды алуу схемасы


2007-2008-жылдары Кыргызстандын банк системасында таңкалыштуу кыймылдар орун алган. Маселен, Бишкек мэриясынын оң капталында жайгашкан “Кыргызөнөржайкурулушбанк” Максим Бакиевдин өнөктөшү Михаил Наделге караштуу АУБдун карамагына өтүп кеткен. “Ысык-Көл инвестбанктын”, “Кыргызкредитбанктын” жетекчилиги алмашкан.

Банк системасындагы бул окуялардын артында эмне турганын жергиликтүү көпчүлүк анча баамдабаса да саясатчы, банкирлер “кайдан шамал согуп” жатканын билип турушкан.

Бул окуяларга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да жазбай көз салып, баарын баамдап турганы азыркы кезде “Викиликстин” маалыматтары аркылуу айкын болуп жатат. Бул булактын 17-майда “КырТаг” агенттиги аркылуу тараткан маалыматы боюнча, Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги Кыргызстандын банк системасындагы окуялар боюнча АКШга 2008-жылдын 18-апрелинде кат жолдогон. Ал катта “Кыргызкредитбанк” жана “Кыргызөнөржайкурулушбанк” Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөнү белгиленген.

“Кыргызөнөржайкурулушбанкын” чөгөлөтүү үчүн ал банкка Социалдык фонддун 2007-жылы салынган акчасы чыгарылып кеткен. Каражаты жок калган банк башка коммерциялык банктарга жардам сурап кайрылган. Бирок алар жардам берүүдөн коркушкан.

Социалдык фондду ал кезде кезеги менен Тажикан Калимбетова, Марат Султанов жетектеп турган.

“Викиликстин” маалыматы боюнча бурчка такалган “Кыргызкурулушөнөржай банкынын” жетекчилиги банктын 70-75% активин АУБга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Акысына Ысык-Көлдөн санаторийди жана калган активдерди алган.
Ушундай эле тагдырга “Ысык-Көл инвестбанк” да туш болгон.

Банктын ал кездеги жетекчиси Болот Байкожоев окуя кандай болгонун мындайча баяндады:

- Эми биринчи менден башташкан. Менден баштап “Кыргызкредитти” алды, “Курулушөнөржайбанкын” алды. Анан соңунда БТА банкын алып бүтүп калышкан. Анан 7-апрель болуп калбадыбы. Булардын баары тең прокуратура, сот, Улуттук банк, бардык мамлекеттик машинанын алар үчүн иштешинен келип чыккан. Менин кызымды коркутуп камап, менин үстүмөн иш козгошкон. Анан “оппозицияга кирсең сени өлтүрөбүз” дегенге чейин барышкан.

Байкожоевдин айтымында, кылмыш иши козголгондон кийин алуучулар өздөрү банктын баасын бычып, анан ээлеп алышкан. Азыркы кезде Болот Байкожоев банкты кайтарып алуу боюнча соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп жатат. Учурда “Ысык-Көл инвестбанкты” Улуттук банк тарабынан дайындалган консерватор Нагира Шаршеева башкарып турат.

Лицензия куну - беш жүз миң доллар

“Азияунивералбанкын” Михаил Надель 1999-жылы сатып алган. Бирок Наделдин иши Максим Бакиев менен табышкандан кийин катуу жүрүшүп, Кыргызстандын банк системасында монополист болууга умтула баштаган.

АУБду Орусиянын органдары арам акчаны адалдоо менен алектенет деп айыптаган. “Викиликстин” маалыматы боюнча, Максим Бакиев буга тосмо коюуну ал кездеги Улуттук банктын башчысы Улан Сарбановго табыштап, аны менен бир нече ирет жолугушкан. Бирок натыйжа болгон эмес. Ошондон көп узабай Улан Сарбанов кызматынан бошотулган.

“Викиликстин” маалыматында, Максим Бакиев банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук бере турган лицензияны 500 миң долларга баалаганы да айтылат. “Компаньон” аттуу микрокредиттик уюм банк ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө аракет жасап, бирок лицензия 500 миң доллар деген жоопко туш болгон. Мына ушундай талапка байланыштуу эки банк каттоодон өтпөй калган. Бул маалыматтар тастыктап тургандай, Курманбек Бакиевдин учурунда Улуттук банктын ролу, өз алдынчалыгы кескин төмөндөп, ал сырттан башкарылып калган.

Азыркы мезгилде Кыргызстанда 22 коммерциялык банк иштеп жатат. Алардын ичинен Максим Бакиевге жакын болгон “Аманбанк”, “Ысык-Көл инвестбанк”, “Кыргызкредитбанкты” Улуттук банктын өкүлдөрү башкарып турат. АУБдун жакшы активдеринен “Залкарбанк” түзүлүп, ал да иштеп жатканы маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG