Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Бажы бирлиги: Пайдасынан зыяны көппү?


Айрым адистер Кыргызстан Бажы бирлигине кирсе импорттук товарлар кымбаттаарын айтууда.
Айрым адистер Кыргызстан Бажы бирлигине кирсе импорттук товарлар кымбаттаарын айтууда.

Өлкөдөгү ишкер чөйрө бүгүнкү талкууда Кыргызстан Бажы бирлигине кирсе, пайдага караганда зыяны көп болот деген тыянакка келди.

Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү болсо бажы үчилтигине кошулуу менен кыйла утушка ээ болорун айтып келатат.

Талаш туудурган кадам

Экономикалык тескөө министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы Самат Кулмамбетов Бажы бирлигине киргендин пайдасын тизмектеп берди.

Андай болгондо өлкөлөр ортосундагы бажы төлөмдөрү жокко чыгарылып, бирликтеги өлкөлөрдөн ары-бери сатылчу товарлар арзандаарын белгиледи. Маселен, күйүүчү май, курулуш материалдары жана айрым тамак-аш азыктары.

Дагы бир артыкчылыгы катары Кыргызстандын Орусия менен Казакстандагы эмгек мигранттарына жеңилдиктер караларын айтат.

Бирок ишкерлер өкмөттүн оптимизмине анча ишенбей турушат. Жаш ишкерлер Бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек терс жагдайларды атап өттү:

- Көз карандысыз соода саясатыбызды жоготобуз. Бул биринчи фактор. Экинчиси, Бажы уюмуна кирүү экономикалык эмес, саясий чечим болуп калды. Ошонун жыйынтыгында биз жоготууга учурап атабыз. Үчүнчү фактор, биз Бажы уюмундагы өлкөлөрдүн арасында эң оор абалдагы өлкө болуп калабыз. Анткени Бажы уюмундагы тиги өлкөлөр экспортко ыктаган өлкөлөр. А биз импортко көз каранды болгон өлкөбүз. Бажы уюму ошолордун ичинде эң көп Орусия, Казакстан, Белорусияга гана пайда алып келе турган нерсе. А бизге пайда алып келер-келбеси чоң күмөн.

Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору Нуржигит Кадырбеков болсо, Бажы бирлигине киргенден соодагерлер жабыр тартарын далилдеп жатат:

- Кытай дагы, Кыргызстан дагы Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Бул ортодогу бажы тарифтери боюнча жеңилдиктерди берет. Ошон үчүн КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кытайдан арзан товар алып, башкаларга кымбат сатуу мүмкүнчүлүгүнө биздин соодагерлер гана ээ. Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, Кыргызстанда 220 миңдей адам соода менен алектенет. Анын 56 миңдейи Дордойдо, 14 миңден ашыгы Кара-Суу базарында иштейт. Булар үчүн абдан кыйын эле болот.

Импорттук товарлар кымбаттайт

Бажы бирлигинде Орусия, же Казакстан сыяктуу өндүрүшү күчтүү мамлекеттер үстөмдүк кылаарын ишкерлер далилдөөгө далалаттанышты. Алардын жүйөөсү боюнча, кыргыз базарларын аталган эки мамлекеттен арзан келген импорттук товарлар басып, атамекендик өндүрүшчүлөрдү сүрүп чыгарат.

Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев:

- Азыркы убакта эл аралык соода уюмунун орточо тарифи 2-3%. Россия, Белорусия, Казакстандын Бажы бирлигиндеги тариф 10%дан ашат. Кыргызстанда болсо 5%дан ашпаган тариф бар.

Кыдырбаевдин эсебинде, Кыргызстан бажы бирлигине кирсе, бажы алымдарын эки эсеге көтөргөнгө аргасыз болот. Бул бирликтен башка өлкөлөрдөн келчү товарлардын баасы эки эсеге көтөрүлөт дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстан тышкы соодасынын 40%ын бажы бирлигиндегилер менен жүргүзөт. Калган 60 пайыздык алака башка чет өлкөлөргө тиешелүү.

Анткен менен ишкерлер Бажы бирлигин таптакыр четке кагуу керек деген ойдон алыс. Алар бул тагдыр чечээрлик маселени ашыкпай, жети өлчөп, бир кесүүгө чакырууда.

Оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң...

Ал эми Кыргыз өкмөтүнүн шашып жаткан жөнү болсо - 1-июлдан тарта Казак мамлекетинин бажы алымдарын жогорулатуу тууралуу эскертүүсү. Бул ириде реэкспортчуларга сокку урат.

Самат Кулмамбетовдун айтымында, Кыргызстанда тигилген кийимдердин 90 пайызы Орусияга экспорттолгондуктан, буга кедергисин тийгизет сыяктанат.

- Бул жерде Бажы бирлигинин баа тоскоолдуктары, андан тышкары стандарт, техникалык жөнгө салуу дегендери бар. Ошолор боюнча өтпөй калат да. Мисалы, жанагы, Кытайдан келген товарлар Кыргызстанга эле чогула берет. Сата турган жер жок болсо бул токтоп калышы мүмкүн деген ойлор бар.

Демек, элестүү айтканда, “эгер кирбей турган болчу болсоңор” деп, Бажы бирлигиндегилер Кыргызстанга ишаарат кылып жаткан сыяктуу.

Бажы бирлигине Орусия, Беларус жана Казакстан кирет. Бирликтин ичинде чечиле турган маселелер үчүн Орусияга 53% добуш бөлүнүп, калганы берки экөөнө тийген. Кыргызстан кошула турган болсо, Орусиянын добушу сакталып калып, 47% добушту үч өлкө бөлүп алышат. Кыргыз өкмөтү Бирликке кирүүнү колдогон.

Эми ар кайсы деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтөт. Анда Бажы бирлигине кирген мамлекет жетекчилери менен Кыргызстан президенти Роза Отунбаева кездешип, маселеге биротоло чекит коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG