Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

“Порто” Европа лигасынын кубогун утту


 Европа  лигасынын кубогу үчүн болгон финалдык оюнунда  Португалиянын “Порто” жана “Брага” командалары беттешип, “Портонун” футболисттери 1:0 эсебинде утуп алды. Кечээ 18-майда Дублинде өткөн беттешүүдө, жалгыз топту “Браганын” дарбазасына колумбиялык чабуулчу Радамел Фалкао 38-мүнөттө киргизди. “Порто” Португалиянын быйылкы чемпиону. “Браго” быйылкы чемпионатта төртүнчү  орунду ээлеген. “Портонун” машыктыруучусу, 34 жаштагы  Андре Вилаш-Боаш Европа лигасынын кубогун командасы уткан эң жаш устат болду.
Европа лигасынын кубогу Европадагы экинчи маанилүү футболдук мелдеш.

 

XS
SM
MD
LG