Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Каддафи элдешүүгө биринчи кадам жасады


Ливия өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы кадамы ирети аскерлерди уруш жүрүп жаткан шаарлардан чыгарууга макул. Бирок ал үчүн козголоңчулар да шаардан чыгып кетүүгө тийиш. Ливиянын чабарманы мындай сунушту 17-майда Москвада орус жетекчилери менен кездешкенде жасаганын Ливия өкмөтүнүн өкүлү Муса Ибрагим билдирди. Ибрагимдин 18-майда кабарчылар менен болгон жолугушуусунда айтышынча, бул Муаммар Каддафинин башкаруусуна каршы куралдуу көтөрүлүш башталгандан бери мындай сунуш биринчи жолу жасалды. Ливия өкмөтүнүн өкүлүнүн айтышынча, сунуш кылынган келишимге ылайык, НАТО да Ливиянын аскерий объекттерине сокку урууну токтотушу шарт.

XS
SM
MD
LG