Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

УКМК жана милиция кызматкерлери күбөлүк көрсөтүүгө милдеттүү


Жогорку Кеңеш биринчи окууда УКМК жана милиция кызматкерлерин күбөлүк көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырды. "Ички иштер жана улуттук коопсуздук тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгечиси, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов "мыйзамга ылайык, эгер жарандар талап койсо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана милициянын кызматкерлери кызмат күбөлүктөрүн көрсөтүүгө милдеттендирилет”,-деп билдирди.

Мыйзамга ылайык, жарандардын турак-жайына кирүү соттун уруксаты менен гана ишке ашат. Эгер УКМК жана милиция өкүлдөрү сот чечимисиз жарандардын турак-жайына кирип барса, ал аракеттердин мыйзамдуулугуна сот 24 саат ичинде өз баасын бериши шарт болот.

Буга чейин жаштардын укук коргоо уюмдары милиция кызматкерлери көчөдөн жаштарды токтотуп, күбөлүктөрүн көрсөтпөстөн документ сурап опузалаган фактыларын айтып келген. Кээде милиция формасын кийген кылмышкерлер да мындай иштерге барганы маалым. (EK)

XS
SM
MD
LG