Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Кочкор-Атадагы митингде жаңжал чыкты


"Азат.kg" гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя 20-майда саат үчтөр чамасында, шаардык милициянын жанында болгон.

Аталган гезиттин кабарчысы “Кыргызнефтегаздын” мурдагы директору Каныбек Масировдун 200 чамалуу жактоочуларынын митингине байкоо салып турган.

“Митингчилердин арасында жарандык кийимчен, курал кармаган адамдарды биздин кабарчы видеокамерага тарта баштаган. Ошол учурда ага бир топ аял кол салып, уруп-сабап, камерасын тартып алууга аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери аны көрүп турса да токтотушкан эмес”, дейт Н.Асанбаев.

Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев "Азаттыкка" мындай окуя болгонун ырастады. Анын айтымында, митингчилер тасмага тартып жаткан журналисттин кетип калышын талап кылышкан. Журналист кетүүдөн баш тарткан соң, тараптар түртүшө кетишкен.

"Түртүшүп жатканда гезит кабарчысы бир аялды сүзүп жиберет. Ошондон соң башка аялдар көптөп кетишкен. Милиция аларды ажыраткан, ажыратпай койду деген туура эмес", дейт Сусунбаев.

Учурда эки тарап тең арыз жазып, тергөө амалдары башталганын, "жабыркадык" дегендер экспертизага жөнөтүлгөнүн кошумчалады. (MTo)

XS
SM
MD
LG