Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Кызматың кыргыздыкы, жарандыгың башка го?


Президент Роза Отунбаева "Республика" фракциясынын башчысына парламенттеги башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырып жаткан учур. 2010-жылдын 4-декабры.
Президент Роза Отунбаева "Республика" фракциясынын башчысына парламенттеги башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырып жаткан учур. 2010-жылдын 4-декабры.

Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын кыргыз жараны эмес экенин ашкерелеген фактылар ачыкка чыгышы бийликке болгон ишенимди кетирүүдө.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитет түзгөн комиссия биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганын ачыкка чыгарды.

Кокуйлаткан кош жарандык

Бабанов Бишкекке келип милицияга, паспорт столго кайрылып, Кыргызстандын паспортун алып алган. Мыйзам боюнча Президентке кайрылып, анан жарандык алыш керек эле. Казакстандын жарандыгынан чыктым деген арыз жазыш керек эле...

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусиянын жараны экени жөнүндө маселе парламентте апрель айында козголуп, аны териштирип карап көрүүнү депутаттар премьер-министрге тапшырган. Башкы прокурор кызматынан кеткен Кубатбек Байболов муну кайрадан айтып чыккандан кийин депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экенин аныктады.

Бул жаңылыктын кызыгы сууй электе эле парламенттеги оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитет түзгөн комиссия биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун дагы жарандыгы мыйзамдуу эмес экенин, ал оффшор аймагынан 20 млн. доллар алганынан бери чубап, ачыкка чыгарды.

- Бабанов 1995-жылы СССРдин эски паспортун тапшырып, Казакстандын паспортун алган жана автоматтык түрдө Казакстандын жараны болуп калган. Ошол жерде бизнес жасаган, салык төлөгөн дегендей, жарандык милдетин аткарып жүргөн.

1999-жылы Бишкекке келип милицияга, паспорт столго кайрылып, Кыргызстандын паспортун алып алган. Мыйзам боюнча президентке кайрылып, анан Кыргызстанын жарандыгын алыш керек эле. Казакстандын жарандыгынан чыктым деген арызын жазып бериш керек эле. Демек Бабанов азыр Кыргызстандын жараны эмес болуп чыгып атпайбы,
-деп билдирди “Азаттыкка” депутаттык комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Абдракманов.

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов анын жарандыгы жөнүндө териштирүүлөр бүткүчөктү эмгек өргүүсүнө чыкты. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча дагы, башка укуктук актылар боюнче деле кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик кызматка коюлбайт. Мамлекеттик кадр кызматы Кулматовдун кызматы премьер-министрдин ээлигиндеги маселе экенин билдирип түшүндүрмө берген.

Ал эми Өмүрбек Бабанов бир айлык тыныгуудан кийин биринчи вице-премьер кызматына кайрадан киришти. Ал өзүнүн жарандыгынын чоо-жайы жөнүндө коомчулукка эчтеке деп айта элек, бирок депутат Өмүрбек Абдракманов жетектеген комиссияга берген маалыматында Бабанов 1995-жылы казак паспортун алганын, кийин кыргыз паспортун алганын ырастаган.
Чоң кызматтагылардын баарынын жарандыгын текшериш керекпи?
Токтогул Туманов жетектеген депутаттык комиссия өкүлдөрү өз кезегинде Өмүрбек Бабановдун казак жарандыгын туура эмес алган үчүн ал жокко чыгарылганын билдиришүүдө. Бул фактыларга карата Башкы прокуратуранын, премьер-министрдин позициясы да, реакциясы да угулбай жатканы катуу сындоолорду жаратууда.

- Бул маалыматты алгандан кийин Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп кылмыш ишин козгошу керек. Аны күтүп отурбай президент менен премьер-министр кызматтан алып салууга тийиш. Анткени ал алдамчылык жол менен кыргыз жарандыгын алып атпайбы. Бул өзүнчө система болуп калган.Ошондуктан биринчи иретте президентти текшериш керек, канча паспорту бар? Премьерди текшериш керек. Көп жыл Түркияда жашап жүрдү, канча паспорту бар?Калган министрлерди текшериш керек, - дейт укук маселелери боюнча эксперт Кубат Кожоналиев

Жакында эле Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбековдун дагы бир эле учурда Кыргызстандын жана Орусиянын жараны болгонун "Дело №..." гезити жазып чыккан эле. Ошондон кийин Максатбек Жээнбеков мэр кызматына тура электе кош жарандыгы болгонун ырастап, мэр болгондон кийин гана орус жарандыгынан баш тартканын билдирген. Мына ушундай фактылар Кыргызстандын бийлик мунарасында кош жарандыгын жашырып жүргөн дагы канча аткаминер бар деген беймаза суроону жаратууда.

Бул окуялар кыргыз жарандыгын берүү маселесинде, мамлекеттик маанилүү кызматтарга кадр коюуда оркойгон мыйзам бузуулар бар экенин көрсөтүүдө. Анын үстүнө кыргыз паспортун чет өлкөнүн жарандары сатып алган фактылар коомчулукка жаңылык эмес. Ажылыкка бараткандар, мыйзам жоопкерчилигинен качып жүргөндөр, кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү кыргыз паспортун акчага сатып алган фактыларды укук коргоо органдары дагы таап чыккан учурлар да бар.

Мисалы, соңку эле айда Бишкекте Каржы полициясы Октябрь райондук паспорт бөлүмүндө атайын операция жүргүзүп, 600 долларга мыйзамсыз паспорт жасап берген кызматкерди кармашкан. Жарандык жана паспорт берүүдө мамлекеттик көзөмөлдүн бошоңдугунан кыргыз паспорттору экстремисттердин жана террористтердин колуна оңой олжо болуп кетип жатканы да эч кимге жаңылык эмес.

XS
SM
MD
LG