Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Аксы жана 7-апрель окуялары боюнча сот иштери бирге каралат


Бул тууралуу 24-майда 7-апрель боюнча соттук жараян учурунда ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков кабарлаганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура эки иштин байланышы бар деп таап, эки окуяда тең мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мыйзамсыз иш аракеттеринен улам башаламандык келип чыккан деген тыянагын чыгарган. Бүгүн боло турган соттук жараянга Жалал-Абаддан Аксы окуясы боюнча күбөлөр да катышмакчы.

2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулары Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтоткон. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон жана сабалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG