Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Еврокомиссия Кыргызстанга 15 миллион евро бөлүүгө даяр


Бүгүн Экономиканы жөнгө салуу министри Учкунбек Ташбаев Еврокомиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Кыргызстан эгер Эл аралык Валюта коруна кошулууга даяр болсо, Еврокомиссия Кыргызстанга 15 миллион евро бөлүүгө даяр экендиги айтылды.

Еврокомиссия аракеттер ишке ашкан соң экинчи транш менен дагы кошумча 15 млн. евро бөлүүгө ниеттенүүдө. Кыргызстанга мындай макрофинансылык жардам бюджетти колдоо үчүн гранттык негизде берилмекчи.

Жолугушууда 2012-2015-жылдарга багытталган өлкөнүн Өнүгүү стратегиясы талкууга алынып, Кыргызстан Бажы биримдигине кире турган болсо эмнеден уттуруп, утаары тууралуу сөз жүрдү. (EK)

XS
SM
MD
LG