Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Юсси Ниемеляйнен: Килюнен өзбектерден акча алган деген доо жүйөсүз


ЭАК: Кыргын болгон эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
Түз линк

"Эл аралык комиссиянын негизги миссиясы - окуяны калыс иликтеп жана өз ара жарашууга көмөктөшүү" - деп билдирди 2010-жылкы июн окуяларын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын башчысы Киммо Килюнен. 03.5.2011.

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев эл аралык комиссия башчысы Киммо Килюненди өзбек жикчилдерден акча алган жана аны "коррупционер катары Финляндияда 3 гезит жазган" деп билдирди. Фин журналисти Юсси Ниемеляйнен бул доону төгүндөдү.

Юсси Ниемеляйнен (Jussi Niemeläinen) – финдердин «Helsingin Sanomat» ("Хелсинки жаңылыктары") эң көп нускалуу күндөлүк гезитинин Москва бюросунун жетекчиси.

Ал «Азаттык» үналгысы үчүн курган маегинде кыргыз депутаты Каныбек Иманалиев атап кеткен фин басылмаларында Киммо Килюнен тууралуу депутат айткандай маалымат жоктугун билдирди.

Ниемеляйнен:
- «Etelä-Saimaa» Орус-фин чек арасына жакын жердеги Лаппеенранта шаарынын гезити; «Turun Sanomat» – Финляндиядагы чоң шаарлардын бири Турку шаарынын гезити; “Satakunna Kansa” - Поринин гезити.

Баса белгилеп койчу нерсе - бул гезиттер улуттук гезиттер болуп саналбайт. Бул аймактык гезиттер финдердин маалымат агенттиктеринин кабарларын дагы чыгара алышат.

"Азаттык": 25-майда кыргыз парламентарийи Иманалиев мырза Финляндияда Киммо Килюненди коррупционер саясатчы деп жазышыптыр деген маалымат айтты. Аталган гезиттерден ушундай маалымат таба алдыңызбы?

Ниемеляйнен:
- Мен мындай сөздү уккан эмесмин. Алгач буга чейин фин маалымат каражаттарына Килюнен боюнча чыккан бир кабарды айтып берейин. Өткөн жазда Килюнен Бангокко парламенттик сапарда болгон. Ал кезде Килюнен фин парламентинин мүчөсү болчу.

Анан ал Бангоктон Хелсинкиге кайтаарда өзүнүн бизнесс класстагы билетин эконом класска алмаштырган. Үнөмдөлгөн акчага Килюнен Бутан менен Мянмага саясий өңүттөгү сапарга барган. Билетти айырбаштаган акча 911 евро болгон. Ал бул иши үчүн Финляндияда сынга кабылган. Килюнен бул акчаны парламентке кайра төлөп берген.

Айтып койчу нерсе, эч ким бул үчүн Килюненди коррупционер катары көргөн эмес. Анткени Килюнен болгону алдын-ала айтпай билетти алмаштырган, анан дагы акчаны кайра төлөп берген.

"Азаттык": Кыргыз парламентарийинин айтуусунда, жогорудагы аталган 3 гезит Килюнен мырза Ош жаңжалын иликтегени үчүн өзбек жикчил лидерлерден акча алганын жазыптыр. Мындай сөз барбы, ал гезиттерде?

Ниемеляйнен:
- Мен ал гезиттерден андай эч нерсе тапкан жокмун. Учурда Москва шаарында турам да, бирок интернеттен бул 3 гезитти казып карап чыктым. Кечээ (25-майда) сиз менен кабарлашкандан кийин Финляндияга телефон чалып, аталган 3 гезитти күндө окуган кишилер менен сүйлөштүм.

Бул жерде айта турган нерсе – биз, фин басылмалары Ош жаңжалы тууралуу баяндама чыккандан кийин, албетте, чагылдырдык. Бирок ал баяндама фин окурмандар үчүн анчалык чоң окуя эмес болгондуктан, улантып дагы жазган жокпуз.

Дагы бир нерсе, Киммо Килюнен өткөн шайлоодо парламентке өтпөй калды. Апрелдеги парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш алган жок.

Ал парламент мүчөсү болуп турганда эл аралык иштерге көп аралашкан.

Финляндияда Килюнен өтө бараандуу саясий фигура катары эсептелбейт.

Ал эч качан министр, же өкмөт мүчөсү болгон эмес. Фин парламентиндеги 200 адамдын бири болчу.

"Азаттык": Финляндияда Килюнен мырзанын саясатчы катары бедели кандай?

Ниемеляйнен:
- Ал социал-демократ. Килюнендин саясий бедели жакшы.

Жогоруда мен айтып кеткен чыр баарыбызга белгилүү.

Ал өзүнүн Ванта шаарында өтө популярдуу. Маселен, мен анын атын укканда эле Килюнен эл аралык иштерге көп тартылып жүргөнүн эстедим. Бирок "ал коррупцияга аралашкан" дегенге ишене албайм.

Өзүңөр билсеңер керек, бизде Финляндияда коррупция деген өтө аз.

Ал эми кыргыз саясатчыларынын "Килюнен кимдир бирөөдөн акча алган" деген сөзүнө эч кандай жүйөө көрбөй турам.

Анын аты, саясий кадыр-баркы коомдун көз алдында. Андыктан ал өзбектерден акча алат деген түшкө кирбеген нерсе. Бул менин жеке пикирим жана Килюнен жетектеген комиссия мүчөлөрүнө эч кандай кепилдик бере албайм.

Финдердин саясий маданияты башкача.

Бизде мурдагы совет өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандагыдай өнөкөткө айланган коррупция жок.

Килюнен үчүн анын саясий кадыр-баркы акчадан алда канча кымбат деп ойлойм.

"Азаттык": Килюнен мырзанын дарегине карата четтен айыптоолор анын Финляндиядагы саясий ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир терс жагын тийгизеби? Маселен анын кийинки парламенттик жарышка катышуусунда дегендей...

Ниемеляйнен:
- Жок-жок. Мен мындай сырттан туруп айыптоолор Килюнендин саясий ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир кесепетин тийгизет деп ойлобойм.

Токтонасыров корутундуну өрттөдү

x
Токтонасыров корутундуну өрттөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Тескерисинче, ал Кыргызстанда «персона нон грата» болуп калса, бул окуя саясий карьерасына оң таасир тийгизиши да мүмкүн.


Ооба, кийинки парламенттик шайлоодо ал өтүшү мүмкүн.



Анткени Килюнен өз чөлкөмүндө, Вантада (Хелсинкиге чукул, төртүнчү чоң шаар) жергиликтүү көп иштерди жасаган.

Ошол эмгеги үчүн добуш жыйнайт да.

Ал эми эл аралык ишмердүүлүгү үчүн канчалык добуш алаарын айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG