Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

“Манас” эпосу санариптештирилет


Түштүк Корея “Манас” эпосун, элдик жомокторду, уламыштарды жана улуттук музыкаларды санариптештирүүгө жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият министринин жардамчысы Чыныбек Анарбай уулу билдирди.

Ушул тапта маданият министри Нурлан Шакиев Түштүк Кореяда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын алкагында министр Кореянын Туризм, спорт жана маданият министри, Сеул шаарынын мэри менен жолугушуп, эки ири окуу жайда “Кыргызстан жана искусство” деген аталышта дарс окуду. Төрт күндүк сапардын соңунда эки өлкөнүн кызматташуусун жакшыртуу багытында келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG