Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Бишкекте жоокердин токмоктолушу боюнча иликтөө башталат


Бишкекте аскердик кызмат өтөп жаткан Чубак Бакыт уулунун токмоктолушун Коргоо министрлигинин Коомдук көзөмөл кеңеши иликтөөгө алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин жетекчиси Токтогул Какчекеев билдирди. Көзөмөл кеңеш аскер бөлүгүндөгү абалды, жоокерлердин жүрүм-турумун иликтеп, Коргоо министрлиги үчүн сунуштарды иштеп чыкмакчы.

Кечээ аскерге барганына сегиз күн болгон Чубак Бакыт уулун аскер бөлүгүндөгү бир сержант ур-токмокко алганы кабарланган. Жаракат алган аскер эсин жоготуп койгон соң Фучиктеги ооруканага жеткирилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG