Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Чек арада ок жеген Жалаловдун сөөгү жерге берилди


Маркумдун сөөгү кечээ Жалал-Абад облусундагы Чоң-Багыш айылынын көрүстөнүнө жерге берилди. Азыр кыргызстандык жарандын кыргыз-өзбек чек арасында кандай жагдайда каза болгону иликтенүүдө. Бул тууралуу кыргыз-өзбек чек арасынан дубандагы кабарчыбыз билдирди. Жеринен алынган маалыматтарга караганда, Сакалды айыл өкмөтүндөгү аймактык милиция өкүлдөрү кечээ чек арада болуп кайтышкан.

27-майда Ноокен районунда Чоң-Багыш айылынын тургуну Пазылжан Жалаловду өзбек чек арачылары атып, кармап кетишкен. Чек арачылар аткан ок анын далысына тийген. Кыргыз жараны Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасына жеткирилип, операция жасалып, өзүнө келбей ошол жерден көз жумган. Мерт болгон Пазылжан Жалалов 39 жашта эле.(EK)

XS
SM
MD
LG